СУПЕРСТАН: "Досум мени телефонуна "Барам сага" деп жазып коюптур, мен да аны "Чанач келатат" деп сактап койдум"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Уюлдук телефондогу өзгөчө көңүл бурарлык, кызыктуу аталыштар жазылат" деген тема талкууга алынып келет. Анда колдонуучулар уюлдук телефонунда сакталган ар кандай кызыктуу, күлкүлүү ысымдар менен бөлүшүп турушат.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Кээде мен да укмуш сөздөрдү жазып алам. Бирок инимдики андан да кызыктуу. Ал машина айдаганды 8-класста эле үйрөнүп, машинасын жанындай жакшы көрөт. Андан улам сүйлөшкөн кызы менен көп чырдашат. Иним "шустрый" болгондуктан, кызынын жанында башкалар менен деле таанышып коё берет. Бир жолу ал сыртка чыгып кетип, телефону чырылдап калды, карасам "Фара" деп турат. Көрсө, сүйлөшкөн кызынан жашырып, таанышкан кыздардын аттарын жазбай, машинанын тетиктерин жазып коёт экен. "Кийин кантип атын таап аласың" десем, "мисалы, "Фаранын" көздөрү балбылдап турат дейт. Кийин "Бампер" деген кыз чалды, аны өзүмчө элестетип, күлүп койдум".

"Бир окуя эске түшүп кетти. Үйдө иш кылып жатсам апам телефонду көтөрүп келип "ме, мамалагың чалып жатат" дебеспи. Кулакка күлкүлүү угулат экен. А мен "Мамалак" деп сүйлөшкөн кызымды (азыр келинчегим) сактап койгон болчумун. Ал "Мамалак" азыр "Күчүгүмө" айланып калган".

"Досум мени "Барам сага" деп жазып коюптур, анан мен да аны "Чанач келатат" деп сактап койдум".

"Мына кызык, бүгүн бир досум менен отургам, телефонун алып музыка өткөрүп жаткам. Анан телефонго чакыруу келди, карасам "Администратор" деп турат. "Ии, досум, кайсы кафеге ишке кире калдың" десем, "ай, бул менин апам деп жатпайбы".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Kubinis
2017-08-18 17:29:26
Кызык мен кыздардын номерлерин ганв сактайм. Кээде адашып кетем аттарынан. ))
0
pixduel1
2017-08-18 17:30:08
Кызык экен))) айрыкча мамалак кучуко айланганы)))
+1
Tyty1990
2017-08-18 17:50:15
Аялымын номерие Жаным деп жазып койсом, аялым жиним деп коюптур
+2
Aitun
2017-08-18 19:10:21
Мени подрушкам телефонуна Токой деп коюптур мен какач деп койгом. Анан бирде бир байкенин телефонунан озумо чалсам Нан Мамрахан дейт:))) олло кулгом. Окуп калса уят. Толтура мындай контактар мендеда. Бир чогу иштеген уйгур бала бар эле Тургунжан деген Уйгуржан деп журот. Бир бала менен таанышкан элем. Колунда нан бар экен эле аты эсимде жок лепешка деп журот. Германияда бир эжем жашайт аны хай гитлер деп сактап коюпмун:))) карасам кызыктуулар коп экен мурда маани бербеген. Даги бир бироо деген ж
0
Rawka95
2017-08-18 19:58:08
Бизди жалкоо кошунабыз бар толуп да кеткен. Аны байке мультфильм деги "Шайдулла" деп жазып коюптур телефонуна
0
Ma9
2017-08-18 21:00:52
Баарынардыкы кызыктуу экен кулуп алдым
+1
tatynakaika
2017-08-18 22:26:23
Баарынан дагы "чанач келатат" дегени жакшы экен хахаха)))
+4
Aidani
2017-08-19 04:48:34
Ой тообо жардынар, мен апамын номерин Отунбаева деп жазып койчумун, мурда
+1
PATRIOT.KG84
2017-08-19 11:40:31
Аялым экообуз экиден телефон колдонгондуктан, мен контакка анын колдонгон операторуна карап '' Айзат Мега '' анан '' Айзат Билайн '' деп сактап койсом ал мени '' Жаным '' анан '' Шеф '' деп сактап койгон экен. Кийин меникин коруп калып аябай таарынган сен эмнеге антип жазасын деп.
0
nurik-95
2017-08-19 12:28:16
досум экөбүз бири-бирибизди өлө тамашалайбызда бир күнү телефонун карасам мени Шурик деп жазып коюптур жиним келип мен аны Нина деп жазып койдум ошентип Шурик Нина болдук
+1
limuna
2017-08-19 14:41:18
)))))) менда курбу кызымы пони деб сохранить этимин бираз бойу кыска да )))))ал болсо мени сиси дебтир
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан