Бишкекте кечээ, 18-августта Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында эстрада, опера ырчыларынын катышуусунда ачык асман алдындагы музыкалык кече өттү. Анда 300гө жакын шаар тургуну симфониялык оркестрдин аткаруусундагы классикалык музыкаларды, сүйүктүү ырчыларынын жандуу үндөрү коштогон чыгармаларды угуп, оор жумуш күнүнөн кийин эс алууну көтөрүңкү маанайда тосуп алышты.
Концертте Мирбек Атабеков, Омар, Гүлжигит Калыков, Нурмат Садыров, Нурлан Насип, Роза Шакирова, Съездбек Искеналиев, Замир Арыкбаев баштаган эстрада ырчылары, Бакыт Ыбыкеев, Замира Мавлянова, Тилек Найманбаев өңдүү белгилүү опера ырчылары өнөрлөрүн тартуулашты.
Салтанаттуу иш-чара "Адеп, ыйман жана маданият" жылына карата Бишкек шаардык мэриясы тарабынан уюштурулду. Уюштуруучулардын айтымында, буга чейин мындай кечелер Свердлов райондук администрациясы тарабынан өткөрүлүп, кезек Октябрь райондук башкармалыгына берилген. Мындан кийин музыкалык кечтер ар жума сайын башка райондук администрациялар тарабынан өткөрүлүп, 8-сентябрга чейин уланат.