21-майда Ысык-Ата районунун тургуну зордуктоо кылмышына шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБинин басма сөз кызматы билдирет. Окуя тууралуу жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылып, өз арызында “20-май күнү саат 23:30да бейтааныш адам үйгө кирип, күч колдонуп зордуктады” деп билдирген. Арыздын негизинде Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлери изи сууй электе ушул эле райондун 25 жаштагы Элзат Ж. аттуу тургунун колго түшүрүштү. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.