Америкалык атактуу ырчы Бейонсе сүрөттөрү менен 600 беттен турган китебин чыгарды

Кечээ, 18-августта америкалык белгилүү ырчы Бейонсе 600 беттен турган "How to Make Lemonade" китеп-альбомун чыгарды. Анда сахна артындагы жашоосу, клиптерин тартуу учурундагы бэкстейдж-кадрлар, костюм жана аксессуарлардын сүрөттөрү, аӊгеме сүрөттөрү менен орун алган. Бейонсенин китеби сайтында 299 доллар турарын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ырчынын айтымында, анын жаӊы эмгегинде ар бир майда нерсенин артында чоӊ идея турат. Китептен күйөрмандар ырчынын денесиндеги символдор эмнени түшүндүрөрүн жана альбомундагы кийимдер кандай пайда болгонун баяндайт.

Ошондой эле ал этникалык салттарды сактаган креоль аялдарынын башкы акссесуары болгон тюрбан-тиньонду кандай туура салынуу керектиги жөнүндө кеӊеш берет. Ошондой эле үй-бүлөлүк сүрөттөрү менен толукталган.

Бейонсе китебинде бул ирет да никедеги аял, эркек темасы жана актардын дүйнөсүндө кара терилүү аялдардын орду тууралуу айтып кеткени айтылат маалыматтарда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
imanberdi98
2017-08-19 11:29:20
Сатып алам окшойт ))
+1
Isco22
2017-08-19 12:02:53
Теке теке го келбети эле башка тусто больосо а бирок теке
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан