Өзгөн районунда 2 адам киши колдуу болуп өлтүрүлдү

15-май күнү Ош облусунун Өзгөн районунда 2 адам киши колдуу болуп өлтүрүлгөн.  Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, бул күнү 1961-жылы туулган А.Т. аттуу аял менен 2007-жылы туулган А.Б. аттуу кыз жашаган үйгө каракчылыкка кирген 17 жаштагы А.П. алгач аялды, андан кийин кичинекей кызды муунтуп өлтүрүп, 1500 сом акча жана үй оокаттарын уурдап кеткен. Ал эми эки адамдын өлүмү тууралуу милицияга коңшулары кабарлашкан. Алардын айтуусу боюнча, үйдөн 2 күн боюн эч ким чыккан эмес. Үйдү барып карашканда үй ээлери уктап жаткандай сезилген. Бирок эшиктин такылдаганына жооп беришкен эмес. Мындан улам кошуналар милицияны чакырышкан. Ал эми тергөө маалында кармалган адам мурда мал уурулук боюнча соттолгону маалым болду. Учурда аталган факты боюнча “адам өлтүрүү” жана “каракчылык” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Gulzhan
2013-05-22 19:17:31
Адам омуру 1500 сомго барабарбы,кылмышкер жазасын созсуз алышы керек.
0
3661390
2013-05-23 01:19:36
ай укмушун кургуур 2 адамдын омурун 1500 го кыйган адамга эмне жаза берилер экен
0
Aruuzat-19_21
2013-05-23 07:36:15
адам олтууруу чымчыкты же итти олтуруу менен эле барабар болуп кетип жатабы
0
beka88
2013-05-23 09:16:37
айбан экенго омур бойу камака алыш керек, маркумдардын жайы жанатта болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан