4 жашынан тартып теринин ала оорусунан азап тарткан Винни Харлоу модель катары таанылып, мүмкүнчүлүгү чексиз экенин далилдеди

23 жаштагы Винни Харлоу теринин ала оорусуна кабылганына карабай өзүн сулуулук дүйнөсүндө көрсөтүү менен белгилүүлүккө жетип, кайсы бир илдеттен жабыркагандардын мүмкүнчүлүгү чектелүү деген түшүнүктү өзгөртө алды. Канадалык модель, ала оорусунан жабыркаган адамдардын кыймылынын активисти Харлоу үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү. Кичинекей чагында эле дарыгерлер андан ала оорусун аныкташкан. 4 жашынан тартып өзү теңдүү балдардын мазактоосуна кабылган. Аны чогуу ойногон балдар "зебра" "ала уй" деп аташчу. Мындай шылдыңдоо, кемсинтүүлөрдөн көп жолу көңүлү ооруган Винни Харлоу бир мектептен башка мектепке которулуп турган. Ал тургай өзүн өзү өлтүрүү ою да аны ар дайым коштоп жүрчү.

"Мен 3-класста окуп жатканда ата-энем менен жаңы үйгө көчүп келип, ошол жердеги мектепке кабыл алындым. Бирок бул мектепке көнүү мен үчүн абдан оор болду. Ар дайым классташтарым менен достошууну каалап, аларга сүйлөй берчүмүн. Бирок алар менин оорум жугуп калат деп коркушуп менден качышчу. Бир күнү мени классташ кыздарым топтолуп алып сабап салышты. Ошондон тартып сабакты көп калтырчу болдум. Апам мындай кыйноолордон куткаруу үчүн мени альтернативдик мектепке берип, аны аяктагандан кийин чалууларды тейлөө борборуна жумушка кирдим", - деп эскерген модель балалык кези тууралуу.

Интернет булактарындагы маалыматтарга караганда, модель болуусуна жергиликтүү журналисттин таасири чоң болгон. Чалууларды тейлөө борборундагы жумушу менен алектенип, жашоосу бир нукка түшүп калган күндөрдүн биринде канадалык журналисттердин бири анын социалдык тармактардагы сүрөтүн көрүп, өзүн моделдик дүйнөдө сынап көрүүнү, анын өзгөчөлүү денеси ага ийгилик жана атак-даңк алып келерин айткан.

Ал кезде Харлоу 19 жашта болгон. Ал алгачкы кайрылган моделдик агенттик анын сунушунан баш тарткан. Бирок 2014-жылы "Next Top Model" берүүсүнүн алып баруучусу жана автору Тайре Бэнкс анын сүрөтүн Instagram аркылуу жүргүзүлгөн добуш берүүгө койгон. Жыйынтыгында Харлоу алдынкы 14 моделдин катарына кирип, аталган берүүнүн 21-сезонуна катышууга мүмкүнчүлүк алган. Ток-шоу берүүсүнүн соңунда ал 6-орунду ээлеген. Андан соң Испаниянын Desigual бренддик кийимдеринин жарнамасына тартылып, анын расмий өкүлү болгон. Мындан тышкары i-D жана Dazed мода тууралуу журналдардын, Showstudio.com сайтындагы жарнактарга, башкы беттерге тартыла баштаган.

Учурда анын моделдик карьерасы ийгиликтер менен коштолууда. Белгилүү, ири компаниялардын жарнамалары, мода көргөзмө - анын жашоосун бүтүндөй өзгөртүп, өзүнө болгон ишенимин жогорулаткан.

2011-жылы ал интернетке "Ала: теринин абалы, бирок жашоонун бузулушу эмес" деген видеону жүктөгөн. Видеодо ал бул илдет менен коомго аралашып жашаган кандай экендигин ачык айтып берген. Ошондой эле аталган илдет тууралуу бир топ иш-чараларга катышып, андан жабыркагандарга акыйкатсыз мамиле жасабоого чакырып келет.

Винни Харлоу JMSN'дин «The One», Эминемдин «Guts Over Fear» ырларынын жана Бейонсенин клиптерине тартылган. 2006-жылдан бери модель британиялык белгилүү автожарышчы Льюс Хэмилтон менен кыз-жигит катары мамиле түзүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Janna07
2017-08-24 14:08:59
Атайын ак красска менен боелгондой экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан