Азия континентинде аялдар эркектерге караганда 170 миллионго аз

Азия континентинде эркектерге караганда аялдар аз. Мындай маалыматты БУУнун радиосуна таянып чет элдик маалымат булактары бүгүн, 19-августта жазууда.

Берилген маалыматка ылайык, уул балага артыкчылыктарды берүүгө байланыштуу Түштүк, Түштүк-Чыгыш жана Борбордук Азияда кеминде 170 миллион аял жетишпейт. Дүйнөнүн бул бөлүгүндөгү жашоочулардын дээрлик көпчүлүгү эркек балалуу болууну каалайт. Калктын мындай каалоосун ишке ашырууга акыркы жылдардагы УЗИнин түйүлдүктүн жынысын эрте мөөнөттө аныктап бергендиги шарт түзүүдө.

БУУнун калкты каттоо иштеринин жыйынтыгы боюнча, калк эң көп жайгашкан Кытай жана Индияда эркектерге караганда аялдын саны кескин азайган. Мындан тышкары мындай көрүнүш Кавказда да байкалары белгилүү болгон. Бул жакта 100 кызга 130 уул бала туура келет.

БУУнун эксперттери уул балага артыкчылык берүү кыздарга карата басмырлоо менен зомбулукту күчтөндүрөрүн белгилеп, мамлекеттик органдарды буга каршы турууга чакырган. Жакында эле буга БУУнун беш агенттиги: Адам укуктары башкармалыгы, Калк фонду, ЮНИСЕФ, «БУУ-аялдар» жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму каршы пикирин билдирген. Эркектер менен аялдардын саны жагынан теңсиздик Азербайжан, Армения өлкөлөрүндө да байкалат. Бириккен Улуттар Уюмунун божомолу боюнча, 2030-жылы Кытай менен Индияда 20 жаштан 49 жашка чейинки 20 миллион аял жетишсиз болот. Мунун кесепети бойдок эркектердин көбөйүүсүнө алып келет.

"Айрым өлкөлөрдө баланын жынысын түйүлдүк кезинде аныктоо мыйзамсыз деп эсептелсе, айрым мамлекеттер жынысына карап бойдон алдырууга тыюу салган. Аялдар кыз төрөп үй-бүлөдөгү зомбулукка кабылбаш үчүн, күйөөсүнүн кетип калуусунан чочулап мындай тыюуларга баш ийбей келет. Азырынча Азия өлкөлөрүнүн ичинде Түштүк Кореяда уул балага артыкчылык берүү адаты түшүндүрүү иштеринин жүргүзүлүүсү, мыйзам талаптарынын негизинде жоюлган деп эсептелет", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bek.94
2017-08-19 18:49:45
Ошон учун биз озубуздун кыздардын кадыр баркына жетип,эже карындаштарыбызды чет олкого жибербей озубуз муктаждыктарын жоюшубуз керек деп ойлойм.
+14
bond
2017-08-19 20:43:23
Ушул убака чейин Кытайда бир балага эле уруксат берилген эле ошонун кесепети.
+2
ayjan_90
2017-08-19 22:25:01
Биздин эркектер журушотго 1 балага 4 тон кыз туура келет экен Кыргызстанда дешип
+2
Kemel29101981
2017-08-19 23:27:01
ayjan_90,ооба кытайга же индияга кетип кал. Сага да 4 эркек туура келип калсын.
+7
Brilant-zhylan
2017-08-20 12:38:56
Салам админ элдик кабар жиберуу учун кайсы жерге кирип жиберуу керек ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан