Украинада үйүндө 17 мышык баккан аял аларга бардык шарттарды түзүп берген

Украинанын Полтава шаарынын Ольга Александрова аттуу жашоочусу үйүндө мейн-кун тукумундагы 17 мышыкты багат. Эң биринчи мышыгын ал мындан 5 жыл мурун Польшадан алып келгендигин жергиликтүү маалымат каражаттарына айтып берген.

Ольга Александрованын айтымында, Польшадан алынып келинген мышыкка көп өтпөй шерик алып келип беришкен. Мындай көп мышыкты багууга анын курбусу жардамдашат. Мышыктар ал жашаган эле үйдө багылганы менен, жаныбарлар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Ал тургай мышыктардын тууй турган атайын жерлери да даярдалган.

"Мышыктар тууганда кыйналбасын деп атайын жайларды даярдаганбыз. Бул жерде жаңы тууган эне мышык менен анын балдарына башка мышыктар тийишпеш үчүн тосуп койгонбуз. Мейн-кундар эркелегенди, сылап-сыйпаганды абдан жактырышат, сага көңүл буруп, сенин көңүл бурууңду да талап кылат. Албетте, мен буларды колума көпкө көтөрүп жүрө албайм, анткени алардын эң чоңунун салмагы 5 килограммга жетет жана менде арык мышык жок", - дейт Александрова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Aitun
2017-08-19 19:15:37
Ошончо жун сасык квартирасынын ичи менимче. Москвада бир мышыгы бар квпртираларда запах турат сасып туалетине кире албайсын. Тамагын деле суун деле бардык жак мышыктын жуну айрыкча ушундай породадагы мышыктардын жуну тушо берет.
+9
General.kg
2017-08-19 19:16:53
Ушудан көрө небере жыттап олтурбайбы! Биздин чоң-энелерден айланса болот.
+37
Va.vasm
2017-08-20 02:26:39
General.kg,Булар кобунесе акча табышат. Ошого чыдап жашашса керек. Породалуу мышыктар тузук эле акчага сатылат.
+5
bond
2017-08-19 20:37:45
Мен Москвада водяной счётчик текшерип иштеп журуп бир кемпирдин уйуно киргенмин уйу толтура мышык канчоону багасыз десем отуздан коп дейт эми сасыктыгынан козунон жаш чыгып кетет. Эптеп счётчиктин коргозмосун жазып сыртка жугуруп чыктым.
+8
beksultannnn
2017-08-19 23:48:19
аааа андай мышыктар бар экендигин билбептирмин бирок биздин мышыктардын жыты деле жуну деле анчалык жыт чыкпайтко же айылда ошондой болобу
+3
Va.vasm
2017-08-20 02:25:15
beksultannnn,Айылда туалети эшикте, ошон учун билинбейт. А квартирада тазалык жагынан ынгайсыз, унитазга уйротулгон кундо деле.
+3
ksb
2017-08-20 00:48:37
Биз үйгө бир мышык багабыз деп жытына чыдабай койдук, 4-5 айдан кийин эшик ачык калып өзү качып кетиптир,каяка жоготсом деп башым маң болуп жүргөндө..Квартирага мышык бакканга мүмкүн эмес экен,жер үй болсо да бир жөн
+1
adilet0096
2017-08-20 03:28:42
Жакшы
-1
BaysalRoma2014
2017-08-20 03:52:29
Биздин кошунабыз да коп мышык багат.
Москвада. Подъездге киргенде шумдук сасыйт... Эмне кереги бар дейм да((
+2
Bolunbo.kyrgyz
2017-08-20 08:19:16
Ар ким озу билет негизи ит багабы мышык багабы ар кимдин оз каалоосу бар. Негизи биз кыргыздар мал бакканды суйобуз.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан