Андрей Малахов бирөөнүн буйругун аткарган "аскер" болуудан тажаганын айтып, башка телеканалга которулганын тастыктады

Орусиядагы “Пусть говорят” берүүсүнүн алып баруучусу Андрей Малахов Биринчи каналдан “Россия 1” телеканалына которулуп, “Прямой эфир” берүүсүн алып бара турганын тастыктады. Башкача айтканда, Малахов редакторлук кылган "СтарХит" порталына алып баруучунун башка берүүнү жарнамалаган видеоанонсу пайда болгон. Анда “Мени жоготуп алдыңарбы? Мен бул жакта: Андрей Малахов, “Прямой эфир”, “Россия 1” телеканалы”, - деген ал.

Ошондой эле буга чейин 25 жыл эмгектенген Биринчи канал менен коштошуп, ал жактагы кесиптештеринин аттарына чейин атап, аларга ыраазычылык билдирген ачык кат жазган.

Ал эми бүгүн, 21-августта орусиялык басылмалардын биринде Малаховдун жаңы интервьюсу жарык көргөн. Анда алып баруучу бирөөлөрдүн буйругун аткарган “аскер” болуудан тажаганын айтып, өзү алып барган берүүгө өзү продюсер болуп, өзү чечим чыгарууну көздөп жүргөн кезде, "Россия 1” телеканалынан автордук берүүнү алып барууну сунуштаганын айткан. Буга байланыштуу мындан 2 ай мурун Биринчи каналдан кетүү үчүн арыз жазганын билдирген.

Орус басылмаларынын маалыматтарына ылайык, "Прямой эфир" берүүсүнүн алгачкы чыгарылышы август айынын аягына пландалган. Ошондой эле аталган берүүгө "Пусть говорят" берүүсүндө алып баруучу менен бир командада иштеген кызматкерлер кабыл алынган.

Ал эми "Пусть говорят" берүүсүн 14-августтан тарта Дмитрий Борисов алып барууда. Ал мындан кийин шоуну дайыма алып барабы же убактылуубу азырынча айтыла элек.

Эске салсак, буга чейин Андрей Малаховду Биринчи каналдан кетет деген кептер желдей тарап, коомчулук ичинде кызуу талкуу жүргүзгөн.

Малахов Россия-1 каналына кеткенин тастыктады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nursiyanur
2017-08-21 16:12:07
Мага барибир
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан