Астанада өтүп жаткан көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз курамасы оюн талаасына чыккан жок. Бул тууралуу маалыматты Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен тастыкташты.
Ошондой эле аталган агенттиктен Кыргыз курамасынын оюн талаасына эмне себептен чыкпай койгону такталып жатканын билдиришти.
Айта кетсек, бүгүн Казакстандын Астана шаарында көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиондугу башталды. Алгач Кыргыз курамы менен Монголиянын курамасы кез келмек.
Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 09:00дө башталмак. Оюн талаасына Монголиянын командасы чыгып, Кыргыздар чыкпай койгон.
Мелдешке жалпысынан 12 курама команда катышууда жана алар 2 тайпага бөлүнгөн. Кыргыз курама командасы "А" тайпасына туш келген. Анда Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия жана АКШ курамалары бар.