Казакстанда өткөн эл аралык "Star of Asia" музыкалык фестивалга ырчы Омар катышты

19-20-август күндөрү Казакстандын Алматы шаарынын күнүнө карата "Star of Asia" аталышындагы эл аралык музыкалык фестиваль болуп өттү. Аталган сынак алгачкы ирет уюштурулуп, ага казак элинин Кайрат Нуртас, Али Окапов, Димаш Кудайбергенов баштаган бир топ белгилүү ырчылары жана түштүк кореялык "U-KISS" тобу, Өзбекстандын Эмгек сиңирген артисти Райхон, ырчы Dj Piligrim, Индиядан Санах Модити сыяктуу жылдыздар, ал эми Кыргыз жеринен ырчы Омар катышып келди.

Казак басылмаларынын билдиргенине караганда, аталган фестивалды дүйнөнүн 118 телеканалы түз алып көрсөтүп, ал гана эмес европалык "Euronews" телеканалы да дал ушул кечени чагылдыруу үчүн тартуучу топту Алматыга жиберген. Ал эми фестиваль ырчылардын сахнага чыгып ырдаганы менен гана чектелбестен, алардын кызыл килемден өтүүсү менен коштолгон.

Мындай форматтагы музыкалык фестиваль казак жеринде алгачкы ирет болуп өттү. Бул өлкөнү туристтерге таанытууга жана кызыгуу жаратууга чоң өбөлгө түзөрү айтылууда.

Омар "Star of Asia" фестивалында Кыргызстандын атынан ырдады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
tynkatar03
2017-08-21 15:22:23
Такалуу нерсе кийип чыкпа дешкен жокпу)))
+4
kurstan_810502
2017-08-21 15:37:14
tynkatar03,Кулдурдун го
+2
Kumarchik
2017-08-21 15:41:03
Омар алга
+1
Ma9
2017-08-21 16:20:45
Омар Азамат
+1
dastan_nookat
2017-08-21 16:36:13
Жакшы болуптур.
0
Ulan2601
2017-08-21 16:42:37
Бизде качан ушуга окшогон нерселер отот экен!!! Казактар бизге караган 10 жыл алдыда кетип жатат
+2
arzygulR
2017-08-21 17:33:11
Омар жагат да
0
kutman-kg94
2017-08-21 18:16:06
Омар алга
0
aza84
2017-08-21 19:32:38
Омардын клемден чыканын чыгарып койсонор болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан