Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду 2017-жылы 246 миллион долларга 761 долбоорду каржылады
Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду 2017-жылдын 7 айынын ичинде жалпы 246 миллион долларга 761 долбоорду каржылады. Бул тууралуу аталган фонддун башкармалыгынын төрагасы Кубанычбек Кулматов билдирди.
Анын айтымында, каржыланган долбоорлордун 26 пайызы агрардык тармакка, 13 пайызы логистика жана унаа чөйрөсүнө, 12 пайызы туризм инфраструктурасына, 11 пайызы курулуш тармагына, 9 пайызы соода өнөр жайына, 8 пайызы кайра иштетүүчү өнөр жайына жана 2 пайызы байланыш тармагында жана тоо кендерин казып чыгаруу өнөр жайына багытталган.
Ошондой эле ал Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунан насыя алууну жеңилдетүү жана бизнести колдоо максатында 4 кадам жасалганын баса белгиледи.
"Алгачкы кадам - бул пайыздык коюмду жылына 7 пайыздан 4 пайызга чейин төмөндөтүлдү. Экинчиден, экономиканын тармагына байланыштуу насыяны кайтарып берүүнүн убактысы 5 жылдан 15 жылга чейин жогорулады. Берилген насыядан кайра каржылоо жагы 30 пайызга чейин мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Төртүнчү кадам - экономиканын приоритеттүү тармактарынын тизмеси кеңейди", - деди Кулматов.