Бишкекте мэриянын алдына чогулган соодагерлер биринчи вице-мэр менен жолугушту

Бүгүн, 21-августта Бишкек шаардык мэриясынын алдына чогулган соодагерлер биринчи вице-мэр менен жолугушту. Анын жүрүшүндө соодагерлер жабылып калган "Дыйкан" базарын ачууну талап кылышкан. Ал эми вице-мэр Ренат Макенов базар кайра ачылбай турганын айтты.

"Мамлекеттик экотехинспекциянын сунушу менен биз “Дыйкан” базарын жаптык. Мэрия болгону экотехинспекциясынын тапшырмасын аткарды. Анткени ал жерде эки нефть базасы бар. Базар башында эле мыйзамсыз ачылган. Баары бир жабыла турган базар болчу", - деди Макенов.

Ошондой эле ал мындан ары базардын ордуна Темир жол ишканасынын контейнерлери түшүрүлүүчү аянтча болорун кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда вице-мэр мурдагы "Дыйкан" базарынын соодагерлерине "Сары Өзөн", "Дордой Дыйкан" базарларынан жеңилдетилген шарттар менен орун берүүнү чечип бере турганын убада кылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
evra_kg
2017-08-21 16:47:08
Сары озону тее аэропортун жолунда сыртан келгендерге кандай болот экен
+1
Kuba-savai87
2017-08-21 16:48:34
Ошол дыйкан базарын эки учко болбой бир жерге кочурушсо жакшы болмок чачыратпай бирин Сары озонго жарымын дордой моторско болбой
+1
Komrad
2017-08-21 17:37:41
Баары жакшы,бирок женилдиктерди чечип туруп анан жабыш керек болчу да, убада кылды дегенин окуп мерия дагы депутат болуп кеттинерби. Экотехинспекция жап деп тапшырма берсе, башка базардан места ач деп тапшырма берилсин деп кутуп аттынарбы? Мэриядагылар менен жолугушуу кыйын окшойт элге э?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан