НАСА: Байкоо жүргүзүү тарыхында кездешкен эӊ чоӊ астероид Жерге жакындоодо

Асмандагы жылдыздарга байкоо салышкан НАСАнын (Космос мейкиндигин изилдөөчү жана абада учуу улуттук башкармалыгы) кызматкерлери Жерге астероиддин жакындап келе жатканын байкашты. Аны байкоо жүргүзүү тарыхындагы эӊ чоӊ астероид деп аташканы уюмдун расмий сайтында маалымдалат.

"Флоренс деп аталган астероиддин өлчөмү 4 чакырымдан чоӊураак. Ири асман телосу мындай көлөмдөгү башка астероиддерге караганда биздин планетага жакын өтөт. Буга чейин ага жакын өткөн белгилүү астероиддер Флоренске караганда кичирээк болчу", - деп билдирген изилдөө борборунун адиси Пол Чодас.

Флоренс Жер менен 1-сентябрда жакындашат. Ошондой эле аны кичинекей телескоп аркылуу августтун аягынан сентябрь айынын башында көрүүгө болору, астероиддин Жерге жакын өтүшү кооптуу эмес экени айтылат.

Ал эми башка окумуштуулардын пикиринде, бул кезектеги кабар - элди жөн эле дүрбөлөӊгө салуу. Ал эми чынында Флоренс 7 миллион чакырымда учуп өтөт. Мындай жакындык илимде кызыгуу жаратат, бирок эч кандай коркунучту туудурбайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Batma08
2017-08-21 18:37:14
Коргум келип жатат бизге корунобу
-5
Isco22
2017-08-21 19:52:12
Batma08,эмне ал бизге суроттогудой болуп корунот беле жон гана кара кичинекей болуп корунот эгер телескоп мн корсон
-1
bom.bon
2017-08-22 15:49:16
Batma08,Адам баласы 3км аралыкты зорго корот, ал эми 7млн чакырым аралыкты даже элестете албайсын, сага корунгудой аралыкта отсо анда олдун
+2
imanberdi98
2017-08-21 19:21:53
Кудай сактасын жерден алыс эле өтсүнчү.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан