Американын 14 штатынын тургундары кечээ, 21-августта Күндүн толук тутулуусуна күбө болушту. Анын сызыгынын кеңдиги Батыштан чыгыш жээкке чейин 113 чакырымга жетти. Маалыматтарга караганда, акыркы жолу мындай кубулуш АКШда 99 жыл мурун болгон. Кийинки Күндүн толук тутулушу 2024-жылы болору, бирок кээ бир штаттын гана тургундары аны көрө алары белгилүү болду.
"Күндүн толук тутулуусу Орегон штатынан Түштүк Каролинага чейинки аймакта байкалды. Калган жерлерде жарым жартылай Күндүн тутулуусу болду. Күндүн толук тутулууcу 1 мүнөт, 8 секунддан 2 мүнөт 40 секундага чейин уланды", - деп айтылат маалыматта.