АКШ 23-августтан 1-сентябрга чейин Орусиянын аймагында иммиграциялык эмес визаларды берүүнү токтотот. Бул тууралуу орусиялык басылмалар АКШнын Орусиядагы элчилигинин берген маалыматына таянуу менен жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, 1-сентябрдан тарта визаларды берүү үчүн аңгемелешүүлөр Москвадагы элчиликте гана өткөрүлөт. 21-августтан баштап Санкт-Петербург, Екатеринбург жана Владивосток шаарларындагы консулдуктарда белгиленген аңгемелешүүлөр жокко чыгарылат. Беларустун жарандары менен боло турган аңгемелешүүлөр Варшава, Киев жана Вильньюстагы элчиликтерге которулат. Мындай чектөөлөр Орусиянын аймагындагы америкалык дипломаттардын санын азайтуу режими аяктаганча уланат. Орусиядагы консулдуктар АКШнын жарандарына гана кызмат көрсөтүшөт.
"28-июлда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кезектеги америкалык санкцияларга жооп катары Орусия АКШнын бул мамлекеттеги дипломатиялык өкүлдөрүнүн санын кыскартып жатканын билдирген. Ага ылайык, дипломатиялык миссиянын штаты 700дөн көп кишиге кыскарат. 2016-жылдын декабрь айында АКШ өзүндөгү 35 орус дипломатын өлкөдөн чыгарып салган", - деп жазылат маалыматта.