"Оорукчан баланын кереги жок" деп атасы таштап кеткен 8 жаштагы Актан балдак менен баса баштады

Бир жылдан бери балдактын жардамы менен баса баштаган Актан Абдылдаев быйыл 8 жашка толду. Аны атасы төрөлгөндө "жарым жан, оорукчан баланын кереги жок" деп таштап кеткенин апасы Мээрим Эсеналиева бүгүн, 22-августта SUPER.KG порталына айтып берди.

"Уулум 6,5 айлык болуп төрөлдү. Дарыгерлер балама 1,5 жашында тубаса майып (ДЦП синдрому коштолгон) деген диагноз коюшту. Ошол учурда жолдошум "мындай баланын кереги жок" деп бизди таштап кетти. Кийинчерээк баламды ар кандай жол менен дарылап, массаж жасатып жүрдүк. 7 жашка чыкканча жөрмөлөп жүрдү. Бир жылдан бери балдак менен басып жатат. Мунусуна өзү да, биз да сүйүнүп жатабыз. Дагы массаж жасата берсек жылыш болот деген үмүт бар. Бир жолку массажга 300-350 сом жумшалат. Кээде ошол каражат да табылбай калат", - дейт Эсеналиева.

Мээрим Эсеналиева Ат-Башы районунун тургуну. Ал экинчи жолу турмушка чыгып, жолдошу менен Бишкектин Калыс-Ордо конушунда батирде жашайт. Быйыл Актанды мектепке берүүгө даярданууда. Ал үчүн алгач баласынын документтерин даярдап, андан соӊ окуу куралдарын, мектеп формасын сатып берүүнү көздөөдө.

"Актанга көз айнек сатып беришибиз керек. Ал тамга таанып калган, санаганды да билет. Мектепке алып барсак үйдөн эле окуткула дегендер чыкты. Бирок ал күндө үйдө камалып отурбай балдарга аралашсын деп мектепте окуталы деп жатабыз. Балабыздын акылы жетик. Өз алдынча окуп, үйрөнүүгө аракет кыла берет. Эми ага атайын балдак сатып берүү, көз айнек сатып алуу жана массаж кылууга каражат керек. Жардам берчүлөр болсо, баш тартпайбыз", - деп кошумчалады Эсеналиева.

"7 жашына чейин уулум жөргөлөп жүрдү" дейт жалгыз бой эне
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
bom.bon
2017-08-22 15:53:16
Балага шыпаа берсин Аллахым,, тезирек айыгып кетсин, ал эми атасы акмак экен,
+6
ice87
2017-08-22 15:53:28
Аллахым шыпаасын берип басып кетсин!Келечекте эл керегине жараган инсан болсун!
+5
momun74
2017-08-22 16:14:00
садаган болуп кетейиним бир ширин бала экен басканынан сенин Аллахым шыпаа берсин жожом чуркап кыргыз элине куйгон жигиттерден бол
+10
Emkgupa
2017-08-22 16:19:01
Ааа, Кудай, а, адамдар... Атасы, балким, сиз ушул баланын майып болушунун башкы себеби болгондурсуз. Көп нерсе атадан да "зависит" этет эмеспи, тамеки, уругу, инфекциясы, же жөн эле учурунда - түйүлдүктүн өсүү мезгилинде аялына кам көрбөгөнү менен...
Айымга дагы да бекем кайрат, чыдамкайлык, балага бекем ден соолук, тезирээк басып кетсин!
+11
aibars
2017-08-22 17:25:01
Эженин тел номери кандай экен? Мен очкисин алып бергенге аракет кылам. Видеону коро албаганыма байланыштуу эженин номерин биле алган жокмун. Колдон келген жардамымды аябайм.
+7
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a
2017-08-22 17:32:21
Бир татынакай бала экен го. Жардам бере алгандар жардам беришет. Бизде ак көңүл, көңүл кош карабаган адамдар толтура. Мен деле жардам берет элем бирок өзүмдүн баламды эптеп багып жатам, бизди да атасы таштап кеткен.
+4
bolush11
2017-08-22 17:32:43
Аллахым шыпаасын берсин! Энеңе күйүмдүү уулдардан болуп чоңойушуна тилектешмин!
+7
Aidani
2017-08-22 18:50:30
Ии жожотайым чуркап кетет коросунор го буйруса
+2
Акназар Сулайманкулов
2017-08-22 20:24:44
Актандын апасынын байланыш номуру 0705853501
+1
Batma08
2017-08-22 22:36:30
Суйундум окуп алып кудайга шугур жакшырып баратыптыр аллахым мееримине болосун
+3
Nargiza1987k
2017-08-23 05:26:41
Айыгып кет ылаайым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан