"Ташкент Борбор Азия өлкөлөрү менен ар кандай талаш-тартыштарды чечүү боюнча диалог жүргүзүүгө даяр", - деп бүгүн, 22-августта маалымат жыйында Өзбекстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Комил Рашидов билдирди.
Анын айтымында, эки өлкөнүн президенттеринин салымы менен эки өлкөнүн мамилеси жакшырып келе жатат. "Ташкент Борбор Азияда саясий жаңы мейкиндикти түзүүдө кошуна өлкөлөрдүн ишенимин арттырууда жана ар кандай деңгээлде алар менен кызматташууда натыйжага жете алат. Ошондой эле Өзбекстан аймакта бардык өлкөлөр менен чектешет жана аймакты туруктуу аймакка айлантууга кызыкдар", - деди Рашидов.
Мындан тышкары ал быйыл ноябрь айында Самарканд шаарында Борбордук Азияда туруктуулукту жана коопсуздукту өнүктүрүү максатында эл аралык конференция өтө турганын баса белгиледи.