Бүгүн, 22-августта "Медиа-портал" бөлүмүнө ырчы Асылбек Изаковдун "Айла канча" ырынын жаӊы, эксклюзивдүү клиби кошулду. Анда сүйүктүүсүнө жетпей калган жигиттин арманы баяндалат. Ырчы клипти тартуу иштери жеңил болгонун айтып, төмөндөгүлөргө токтолду.
"Клипти Таластагы Талды-Булак айылынан тарттык. Анда башкы каармандын ролун "Супер сулуу-2016" сынагынын финалчысы Мээрим Жумабаева аткарды. Ал жакшы ойноп бергендиктен клипти тартууда кыйынчылыктар жаралган жок. Экөөбүз бат тил табышып, кыз-жигиттин образын жеңил жаратып бердик", - дейт ырчы.
Асылбек Изаковдун "Айла жок" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.