СУПЕРСТАН: "Үй шартында тиштерди кантип агартууга болот?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Үй шартында тиштерди кантип агартса болот?" деген тема талкууга алынган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Өзүм колдонгон ыкмалардан жаза кетейин. Щёткага тиш пастадан сыгып, анын үстүнө лимондун ширесин тамчылатып, содадан бир аз сээп туруп жумасына 1-2 жолудан жууп турсаңыз болот. Ошондой эле сууга соданы аралаштырып, күндө оозуңузду ошол суу менен чайкап турсаңыз, бир аз жагымсыз болушу мүмкүн, бирок жакшы жыйынтык берет".

"Сода, лимонду көп колдонсоңор тиш агарганы менен эмаль жукарып ысык, суукка сезгич болуп калат".

"Кара тузду сууга чылап коюп, жумасына бир жолу тишти ошол суу менен жууп туруу керек. Мурунку адамдар дале ошол тузду колдонушат. Анда йод көп экен. Кошуна байке бар. Жашы 60ка чыгып калса да тиштери аппак. Ал жашка чыккан көпчүлүк протез кийип калышат го, а ал байкеники өзүнүн эле тиши күрүчтү тизип койгондой. Анан апам бизди тишибизди жумасына бир жолу кара туз менен жуусаңар ошондой болот деп көп айтат".

"Соданы көп колдонсо тиштин эмалы жукарып, бор сыяктуу болуп сына берет. Алманы көп жеш керек. Ал агартууга жардам берет".

"Чай кайнаткан чайнекке хлор толгон сыяктанып тишке да таш сыяктуу топтолот. Аны стоматологдор "полировка" кылып берет. Аны кайра саргартып албаштын эң бир туура жолу мисфак колдонуу. Ар бир тамак жеген соң мисфак менен жууп коюу керек".

"Жакшы бир ыкма бар экен. Бул чай дарагынын майы - "масло чайного дерева". Эң алгач бир, андан соң эки-үч тамчыдан тишти жууп бүтүп щёткага тамчылатып үч мүнөтчө тишти жуу керек экен. Бул май агартып эле койбостон, антисептик болгондуктан микробдорду өлтүрүп, кариеске профилактика да болуп берет экен. Андан бөлөк оозду начар жыттардан арылтат. Жумасына эки-үч ирет пайдалануу жетиштүү болот".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Shekeev969798
2017-08-22 17:27:54
Жазгандарына караганда баары эле менин шериктерим окшойт бир жумада бир эки жолу жуугула дегенине караганда
0
tursunbaev78
2017-08-22 22:13:24
Shekeev969798,Ошол ыкма менен жумасына бир эки жолу жууп туруш керек деп жатышат тишти агартуу үчүн,сен түшүнбөй калыпсың
+1
arimaz89
2017-08-23 21:06:18
Табигый айранды ооздо 10-15 кармаса жакшы агартат. Эн оной жана тишке зыянсыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан