Бүгүн, 22-августта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев интернеттеги популярдуу социалдык тармактарда жеке аккаунттарын жарыялады. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, президенттин билдирүүсүндө анын Фейсбук, Твиттер, Инстаграм, Ютуб жана Телеграм социалдык тармактарындагы аккаунттарынын даректери көрсөтүлгөн.
Айта кетсек, өлкөнүн буга чейинки президенти Ислам Каримов 2013-жылы Ташкент облустук кеңешинин кезексиз жыйынында "Интернетти темир дубал менен тосууга же ага тыюу салууга мүмкүн эмес" деп, чиновниктерди жаштардын маселелерине көбүрөөк көңүл бурууга чакырганын жергиликтүү басылмалар жазышкан.
Эл аралык "Чексиз кабарчылар" уюмунун рейтингине ылайык, Өзбекстан сөз эркиндиги боюнча 2017-жылга карата 180 мамлекеттин ичинен 169-орунда жайгашкан. Кыргыз Республикасы бул рейтингде 89-орунда турат.