Биз социалдык тармакта

Ош шаарында айдоочу унаасы менен жолго отуруп алган адамды сүзүп алды. Жабырлануучу ооруканага жетпей каза болгон

Ош шаарында айдоочу унаасы менен жолго отуруп алган адамды сүзүп алды. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 21-август күнү саат 03:20 чамасында Курманжан датка көчөсүндө болгон. Анда 1994-жылы туулган И.С. аттуу айдоочу Тойота Королла үлгүсүндөгү унаасы менен жолдун ортосуна отуруп алган 1994-жылы туулган К.К. аттуу кызды сүзүп алган.

Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу ооруканага жетпей каза болгон. Күбөлөрдүн айтымында, каза болгон кыз мас абалда болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aikokul14
2017-08-23 08:48:47
Түнкү саат үчтө соо адам жолдо эмнеге отурмак эле,дагы кыз башы менен,мас болсо керек баягы эле,балээге эле калган айдоочу...
+11
baltabaev
2017-08-23 08:52:08
Кыз жигит болгон бирге ичишкен анан ортодо чыр чыккан десек адашпасак керек
-14
BubleGum
2017-08-23 10:58:02
baltabaev, ар нерседен кумондоно берип ыймандан да чыгып кетесин
+5
Batma08
2017-08-23 09:15:49
Бир нерсени коргусу келип калган экен кызда
+3
Aima94
2017-08-23 13:12:17
Ар кайсы нерсени оттоп жаза бергилечи. Жазылып турат го баары кыз мас абалда болгон деп чала болот ичип алып дагы трассага отургула.
+1
baltabaev
2017-08-23 21:13:58
Минусту рассакам балчайтып басыпсынар го э)))))) ха ха
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан