Казакстанда 2 клиограмм баңгизат менен кыргызстандык жаран кармалды. Маалыматка ылайык, аталган өлкөнүн Жамбыл облусуна караштуу Кордай айылында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чарасында Кыргызстандын 47 жаштагы тургуну колго түшкөн. Тинтүү учурунда анын баштыгынан 2 килограмм баңгизат жана 10 килограмм кара куурайдын чайыры табылган. Кармалган жаран убактылуу камоочу жайга киргизилди. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Кошумчалай кетсек, кармалган жарандын мурда соттолгондугу белгилүү болду.