Дүйнөдөгү эң кургак делген чөлдө гүлдөр өсүп чыкты

Жайдын акыркы күндөрүндө Чилинин жашоочулары укмуштуудай көрүнүшкө күбө болуп жатышат. Анткени жер жүзүндөгү эң кургак деп эсептелген Атакама чөлү гүлдөргө бөлөндү.

Чет элдик басымалардын жазганына таянсак, буга кышында нормадан ашык жааган жаан-чачын себеп болгон. Негизи чөлдө 7 жылда бир жолу гана өсүмдүктөр өсүп чыгат, бирок бул жолу жаратылыш эң кургак чөлдү убактысынан беш жыл эрте жашылдандырып койду. Азыркы учурда бул аймакта өсүмдүктөрдүн 200дөн ашуун түрүн кезиктирүүгө болот.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиргендей, бул кубулуштан улам аймакка келген туристтердин саны кескин өскөн. Атакама чөлү өзүнүн кооз тоолору жана көздүн жоосун алган керемет таңдары менен да белгилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Batma08
2017-08-23 09:14:50
Кудайдын кудурети. Кооз гулдор экен
+22
AykaMer
2017-08-23 09:15:53
Оа... Кудайдын кудурети...
+14
Gulnyr19
2017-08-23 09:56:54
Алланын керемети
+14
TIMON_BERKOWITZ
2017-08-23 18:01:36
Цветок в пустыне деген түшүнүк бар эле. Мааниси жакшы шарт түзүп берсең чөлдө да гүл өсүп чыгат дегендей. Кудайдын керемети.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан