Өзгөн районундагы №27-Тажиниса Турдубаева атындагы мектептин ажатканасы кооптуу абалда экенин SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман кабарлаган эле. Бул боюнча аталган мектептин директору Үсөн Сатыбаев даараткана жаңы окуу жылына карата оңдоп-түзөөдөн өткөндүгүн кабарлады.
"Мектептин дааратканасынын абалы ар дайым биздин көзөмөлдө. Даараткана мектеп курулган жылы салынган, андан кийин - 2016-жылы кошумча дагы бир даараткана курдуртканбыз. Үйлөргө даараткананын жыты барат деп жазышыптыр. Мектептин айланасындагы үйлөр дааратканадан алыс. Даараткана жыл сайын жаңы окуу жылынын алдында оңдоп-түзөө иштеринен өткөрүлөт. Бул жылы да толугу менен оңдоодон өттү", - деп айтылат Сатыбаевдин маалыматында.
Буга чейинки билдирүүдө: "Курулганына жарым кылым болгонуна карабай бир да жолу оңдоп-түзөө иштери болгон эмес. Күн ысыгандан баштап айланасындагы үйлөргө жагымсыз жыт таркайт. Кара-Суудагы бир нече адамдын өмүрүн алган ажаткана окуясы кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт", - деп жазылган эле.