Табият берген дене түзүлүшү менен "согушкан" өмүр. Америкалык транссексуал эң кымбат дене мүчөнүн ээси экенин айтты

49 жаштагы Аманда Лепор (туулгандагы аты-жөнү Арман Лепор) – дүйнөдөгү белгилүү транссексуалдардын катарына кирет. Ал эркек болгондуктан 11 жашынан тарта жынысын алмаштырууну кыялданчу. Анын бул кыялы сыналгыдан жынысын алмаштыргандар тууралуу телеберүүнү көргөндөн кийин башталган.

Жынысын алмаштырганга  чейин

17 жашында операциянын жардамы менен Амандага айланган транссексуал ошол учурдан тарта өмүрүнүн жарымын операция столунда өткөргөнү айтылат. Бир нече шылдыӊдоо, ур-токмокко кабылганына карабай, табият берген дене мүчөсү менен "согушуп" келе жатканы маалымдалган Аманда жакында эле “Куурчактын тулку бою” деген аталыштагы китеп чыгарып, анда дене мүчөсү дүйнөдөгү эң кымбат экенин жазып чыккан.

Тактап айтканда, ал жынысын алмаштыргандан сырткары төшүн, жамбашын жана оозун чоңойтуп, көзүнүн формасын бир нече ирет өзгөртүп, кабыргасын алдырганга эле бир топ каражат сарптаган.

Алсак, кашынын тегерегине жасаткан операцияга 2 миң доллар, көзүнө сурма койдуруу үчүн 9 миң доллар, жаагындагы сөөктөрдү, оозун, төшүн чоңойтууга 13 миң доллар, кабыргасын алдырууга 1,5 миң доллар, жынысын алмаштырууга 10 миң доллар жана башка бир нече операцияга акча жумшаган. Мындай өзгөрүүлөргө канча сумма жумшагандыгын модель ачык айтпаганы менен, чет элдик басылмалар болжол менен 250 миң доллардан ашуун коротконун жазып чыгышкан.

Бул боюнча өзү: "Пластикалык операцияны келбетиңде сага жакпаган бир нерсе болсо жасатасың. Мага жасалган операциялар ийгиликтүү өткөн, азыр баары жакшы", - деген билдирүү калтырган.

Алгач көргөн адамда таӊ калууну жараткан Аманда өзү келбетине ыраазы экенин жана суктанарын айтып келет. Модель, бийчи болуп эмгектенген Лепор бай жана бактылуу экенин жашырбайт. Ал эми транссексуалдар аны өздөрүнүн Мэрилин Монросу деп эсептешет.

Ал эми транссексуалдар аны өздөрүнүн Мэрилин Монросу деп эсептешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Isco22
2017-08-23 11:07:48
Бироого бар дуйно,бироого зар дуйно.. эээх жашоо жашоо
+9
admin_superstan
2017-08-23 11:15:48
kanatbekabytovich82, коомдук этиканы сактабагандыгы үчүн 3 күнгө БАН!
+2
admin_superstan
2017-08-23 11:23:17
Defend., этика нормаларын сактаңыз.
0
Ermekbai
2017-08-23 11:58:00
Тфу тфу тфууууууууукк
+2
admin_superstan
2017-08-23 12:24:18
oruktu_city, adimyrza, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Emkgupa
2017-08-23 12:41:48
кабыргасын алдырып эмне кылат?
+4
tilek121277
2017-08-23 12:49:40
Ха ха ха го хххххх
+2
Batma08
2017-08-23 13:30:43
Кызык жанын кыйнап не заарыл экен эми
+3
Ma9
2017-08-23 14:13:41
Акчасы ашып ташып атса жетимдер уйуно жардам берсе ушундан коро ужас эле болуп калыптыр оозу кантет тоба
+4
admin_superstan
2017-08-23 14:21:59
kyrgyz.kg83, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
0
ALMAAAN
2017-08-23 14:30:42
Тооба кызык эле адамдар бар
+1
remi.005
2017-08-23 16:10:35
Иии жийиркенип кеттим коруп алып фууу ошон учун жаш балдарга мындай нерселерди коргозбош керек психикасына терс таасирин тийгизет..
+2
bakulya2015
2017-08-23 22:22:07
Тообо кылдым....
+1
Mimi9495
2017-09-10 21:22:41
Тоба тоба
0
muni.98-98
2017-10-07 21:21:37
Тушунбойм ушу транссексуал дегенге эмне булар эки мучолуу болобу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан