Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын ар дайым түйшөлткөн көйгөйлөрдүн бири мектеп маселеси. Окуу жылынын башталуусуна саналуу гана күндөр калгандыктан Ак-Бата, Ак-Жар, Адилет конуштарынын тургундары балдарын мектепке бере албай убара тартып жатышканын айтып чыгышты. Бул үч конуштун жашоочуларынын балдары жалгыз гана Ак-Бата конушунда жайгашкан №43-толук эмес орто мектепте билим алышат. Бирок мектеп 198 окуучуга гана ылайыкташканына карабай анда 1300дөй бала окуйт. Ал эми батпаганы башка конуштардын мектептеринин эшигин каккылоого аргасыз болууда.
Ак-Бата конушунун тургуну Үмүтай Шамшиеванын бул мектепте 4 баласы окуйт. Ал окуучулардын көптүгүнөн улам балдары жакшы билимге ээ боло албай жатканына тынчсызданганын айтты.
"7 балам бар. Анын ичинен 4 балам ушул мектепте окуйт. Окуучулардын көптүгү балдардын сабак окуусуна тоскоолдук кылып жатканы бизди тынчсыздандырат. Айла жоктон улам ушул жерге алып келебиз. Жолдошум өзү курулушта иштегендиктен шаардагы мектептерге берүү үчүн мүмкүнчүлүгүбүз жетишсиз", - деди ал.
Бул мектеп 9-класска чейин гана окуткандыктан балдардын билимин андан ары улантууда чоң түйшүк бар. Конуш тургуну Салтанат Жортбаеванын айтымында, баласы өткөн жылы ушул мектептен 9-классты аяктап, бирок 10 жана 11-классты окуу үчүн башка айылдардын мектептерине барган. "Балам чоңоюп калгандыктан башка жактын балдары менен аралаша албай койду. Айла жоктон кайра шаардагы №92-лицейге бердик. Андан кийинки балдарым ушул мектепте. Бул жерде 3 мөөнөт менен окушкандыктан саат 15:00гө барганы караңгы киргенде кайтат", - деди Жортбаева.
Мектеп директору Нурия Алагушованын айтымында, учурда жалпы 1300гө чукул бала билим алса, ар бир класста 35-40тан бала бар. Азыр коңшу Ак-Жар жана Адилет конушунан башталгыч жана 1-класска келген балдар гана кабыл алынып, жогорку класста окугандарга орун жок.
"Бул мектепке директор болуп, өткөн жылдын аягында гана келдим. Окуучулар батпайт. Быйыл мектепке даярдоочу 2, биринчи класска 5 класс бала кабыл алынды. Айла жок, алууга туура келип жатат. Ал эми чоң класстарга албай жатабыз. Жалпы 44 мугалим эмгектенсе, аларга да бөлмө жок. Жадакалса балдар кенен отурсун деп эмеректерди сыртка алып чыгып коюп отурабыз. Анан да бул конуштарда социалдык абалы өтө начар жашоочулар бар. Алар балдарын шаарга окута алышпайт. Кээде айрымдарына каражат жагынан жардам берген учурлар болуп турат", - деди ал.
Алагушованын айтымында, бул конуштарда аймактардан келген жарандардын көптүгүнөн улам да окуучулардын саны жылдан жылга өсүүдө.
Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дача-СУ) айылындагы учак кырсыгынан жабыркап учурда Ак-Жар конушуна батирде жашаган Аят Айдаров да 5-класста окуган кызын мектепке киргизе албай убара тартууда.
"Ак-Жарда 2016-жылга чейин жашап, кызым бул жакта окуган. 2016-жылдын күз айларында аэропортко жакын айылдан жер алып үй салгам. Бирок учак кыйраганда үйүм талкаланып калган. Азыр кайра бул жакка келдим. Бирок кызымды окутуу үчүн мектеп директоруна кирсем, чоң класстарга окуучу ала албай турганын айтты. Эми башка конуштардагы мектептерди карап чыгышым керек. Кайдан орун чыкса, ошол жакка барып жашоого туура келет. Өкмөт жабыркагандар үчүн элден чогулган акчаны тезирээк берип койсо, үй алып алмакмын да. Үйүмдү 8 миң долларга баалаганы менен азыркыга чейин акча берише элек", - деп билдирди.
Бул көйгөйдөн улам демилгечи топ айыл тургундары менен бирге эки кабаттуу мектеп салдыртуу үчүн үч жылдан бери жер бөлүп берүү талабы менен Жогорку Кеңештин депутаттарына, шаар мэриясына кайрылып келишет. Бирок жердин жоктугунан улам маселе чечилбей келүүдө. Демилгечи топтун өкүлдөрүнүн айтымында, 3 жыл мурун мектеп салып берүүгө демөөрчүлөр чыгып, бирок жер тилкеси жоктугунан демөөрчүлөр көпкө күтө албай ишти аткаруудан баш тартып коюшкан.
Анткен менен ушул эле мектептин жанында 3-4 гектардан ашык жер бар. Бирок жер менчикте болгондуктан анын ээси жердин аянты канча болсо, шаар ичинен ошондой аянттагы жер алып берүү шартын койгон. Свердлов районунун акиминин орун басары Чынара Борбошеванын билдиришинче, жергиликтүү бийлик анын шартын аткаруудан баш тарткан. Бирок мындан башка мектеп салууга ылайыктуу жер жок.
"Ак-Бата айылынын ичинде мектеп курганга орун жок. Мектептин жанынан жер табылып, ээси шаардан жер алып бергиле деген талап койгон. Биз аны аткара албайбыз. Ошондуктан биз Адилет, Ак-Жар конушунан жер издеп жатабыз. Адилет конушунун жанынан 1 гектардай жер тапсак анын ээси Германияга кетип калыптыр. Ал жок биз жерди каттай албайбыз. Дагы бир жер таптык, бирок ал жердин кыртышы мектеп курганга ылайыктуу эмес. Ак-Жар конушу Аламүдүн районуна караштуу. Бул конуштун жанында гектарлаган айдоо жерлери бар. Ошол жерден деле Ак-Жардын мектеп окуучулары үчүн жер караштырып, мектеп салса болмок. Ак-Жардын окуучулары баары эле биздин мектептерге келебиз деп жатышат. Мүмкүн болушунча кабыл алып жатабыз", - деди Борбошева.
Ак-Бата конушунда 5 миң, Ак-Жар конушунда 13 миң, Адилет конушунда 2 миң 500 адам жашайт. Тургундар жер бөлүнүп берилсе эле кайрадан демөөрчүлөр аркылуу мектеп салдырып алууга даяр экендиктерин айтышууда.