Голливуд жылдызы Мадонна алгачкы жолу бардык балдары менен түшкөн сүрөтүн жарыялады

Голливуд жылдызы Мадонна биринчи жолу бардык балдары менен түшкөн сүрөтүн жарыялады. Сүрөт ушул жылдын 16-августунда, ырчынын 59-туулган күнүндө тартылган. Ал бул майрамды Италиядагы кичинекей Лечче шаарчасындагы Салентина жарым аралында балдары жана курбуларынын коштоосунда белгилеген.

Балдары менен

Сүрөттөн ырчынын 20 жаштагы кызы Лурдес, 17 жаштагы уулу Рокко, багып алган балдары: 11 жаштагы Дэвид жана Мерси, 4 жаштагы эгиздер Стелла жана Эстерди көрүүгө болот.

Кызы Лурдес менен

Уулу Рокко

Алардын ичинен кызы Лурдести бир кездеги машыктыруучусу Карлос Леондон төрөсө, уулу Рокко белгилүү режиссёр Гай Риччинин баласы. Ал эми калгандары бакма балдар.

Эгиздер Стелла жана Эстер

Ырчы бул Стелла жана Эстер аттуу эгиздерди ушул жылдын февраль айында багып алган. Алардын өз энеси төрөттөн көп өтпөй кайтыш болуп калса, атасы балдарды камсыздай албасын билдирген. Мындан улам ырчы соттун чечими чыкканга чейин 1 айга жакын Чыгыш Африкадагы Малави Республикасында жашаган.

Дэвид жана Мерси менен

Ошондой эле 2006-жылы уулу Дэвидди да аталган аймактан, андан 3 жыл өткөндөн кийин кызы Мерсини расмий түрдө багып алган. Учурда ал 6 баланын энеси аталып, Баатыр энелердин катарын толуктайт. Бирок үй-бүлө дайыма эле чогула албайт. Себеби ырчынын улуу кызы Лурдес бир кезде апасы окуган Мичиган университетинин алдындагы колледжден билим алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
OMURBEK.
2017-08-23 12:56:51
Бардык улуттан барго дейм балдарын

+2
shergazy9
2017-08-23 13:08:22
Кызыл,жашыл,ар турлууго:))
+4
shergazy9
2017-08-23 13:09:20
~канча куоосу болду экен~
-4
Kaninaiman
2017-08-23 13:34:59
4 жаштагылары 6 жаштай корунот экен
+1
mikoo
2017-08-23 14:05:22
Kaninaiman,негрлер чон болушат го озу
0
Syn4y
2017-08-23 14:39:47
negrdikin jakwy korot okwoit madonna
-1
Medinaa
2017-08-23 14:40:27
Хотябы бала багып алып жакшы иш кылгылачы))
+4
Ferdews
2017-08-23 20:22:58
Еее!!! кызынан да жаш корунотко.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан