Марста кардуу бороон катталды

Акыркы метеорологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, окумуштуулар Марста кардуу бороон боло тургандыгын аныкташты. Буга чейин эксперттер Марста кардын учкундары өтө эле жай жаап түшөрүн айтышкан эле.

Бирок Париждеги Пьер жана Марии Кюри университетинин окумуштуулары Марста кардуу бороон кечинде гана боло тургандыгын аныктап чыгышкан.

Изилдөөчүлөр 3 климаттык моделди бириктиришкен. Марста күн баткандан кийин абадагы суу бөлүкчөлөрү карга айланып, мурда катталгандан да жогорку ылдамдыкта ылдыйды көздөй түшүшкөн.

Изилдөөнүн жетекчиси Аймер Спиганын айтымында, мурун Марста кар жай ылдамдыкта жаайт деген гана далилдөөлөр бар болсо, азыркы учурда шамал ыргагынан улам кар баттан жаап, кардуу бороон пайда болуп жаткандыгы катталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Batma08
2017-08-23 14:51:26
Шумдук
+1
Bars88
2017-08-23 15:23:00
Оюна келгенин айта беришет да.Биринчи жерди жакшылап изилдеп алышсын марсты коё туруп
-4
aibars
2017-08-23 15:51:25
Bars88, хахахаха боорду эздин;))
0
Polumna
2017-08-23 16:05:28
Bars88,Эмне жер изилденбептирби????
Озунчо эле акылдуу боло бересинерби не.
+13
Baiko128
2017-08-23 16:02:15
Менин билишимче космосто эч кандай убакыт жок кун тун болбойт беле. А булар тундо карду борон болот дешет
-12
Polumna
2017-08-23 16:07:59
Baiko128,Бул планетада бороон бт деп жатат. Космосто эмес.
+7
Polumna
2017-08-23 16:06:57
Ошондой эле окумуштуулар эмне көзү ачык беле оюна келгенди айта бергендей. Булар деген эн заманбап приборлор мн изилдешип турушат.
+10
bazar
2017-08-23 18:16:11
Демек Марста жашаса болот экен анда
0
Kuba-savai87
2017-08-24 01:07:56
Мен география сабагын жакшы коруп окуйт элем. Мага аябай кызык ушундай маалыматтар. Дагы да болсо кызыгуу менен окуур элем
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан