Футбол боюнча Кыргыз курама командасынын тренери Александр Крестинин уулдуу болду

Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин уулдуу болду.

Крестининдин жубайы Елена Крестинина билдиргендей, ымыркай Орусиянын Краснодар шаарында бүгүн, 23-августта саат 04:50дөн өткөндө жарык дүйнөгө келди. Ал 3 килограмм 780 грамм салмакта төрөлгөн, азыркы убакта абалы жакшы. Ымыркайдын төрөлүшү Крестининдердин үй-бүлөсүнө чоң кубаныч тартуулаганын жана бул күндү алар чыдамсыздык менен күткөнүн Елена кубануу менен SUPER.KG порталына билдирди.

Башкы машыктыруучу жана жубайы Елена Крестинина жаңы төрөлгөн наристеге Семён ысымын ыйгарышты. Ал Крестининдердин үй-бүлөсүндө үчүнчү баласы, буга чейин бир кызды жана бир уулду тарбиялап келишкен. Азыркы тапта башкы машыктыруучу өлкөнүн курама командасы менен бирге Ташкент шаарында 25-августта өтө турчу беттешке даярданып жаткан маалы.

Айта кетсек, Александр Крестинин өлкөнүн курама командасын 2014-жылдан бери машыктырып келет. Ошону менен бирге эле ал 2017-жылдын 2-июнунан баштап Бишкек шаарынын "Дордой" футболдук клубунун машыктыруучусу. Александр Крестинин машыктыруучулук карьерасын Кочкор-Атанын "Нефтчи" командасынан баштаган, ага чейин Орусиянын алдынкы футболдук клубдарында ойноп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Batma08
2017-08-23 13:43:18
Омуру мн берген болсун.бизге да насип кылсын уул наристелерден
+5
SHERBOLAT
2017-08-23 14:00:58
Алла ыйманын берсин.Сизге каларым ийгилик
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан