Легендарлуу "Биз" тобунун белгилүү ырчысы Бактияр Токторовдун SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги бир нече мүнөттөрдөн кийин башталат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ырчыга байланыштуу суроолоруңузду берип, жооп алсаңыз болот. Ал эми оригиналдуу суроо жөнөткөн окурмандарга белектер ыйгарылмакчы.
Белгилей кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт. Суроолоруңузга түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып жооп алсаңыздар болот.
15:00 "Биз" тобунун ырчысы Бактияр Токторовдун SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталып, алып баруучулардын "ойготкуч" суроолоруна жооп бере баштады.
15:10 Окурмандын "Өзбек туугандардын "Буй-буй" ырын которуп ырдап чыгышына каршы болгон жоксузбу?" деген суроосуна "Биздин топтун ырларын ким кааласа ырдай берсин, каршылык жок. Тескерисинче, муну менен сыймыктанабыз" деди.
15:15 Суроо: "Бир жолу чупакабра койлорумду жеп жатат деп айткансыз. Азыр канча коюңуз калды?"
"Болгону 7 коюм бар болчу, баарынын тең канын соруп кеткен. Ошондон кийин мал бакканды токтоттум", - дейт.
15:20 Окурмандын "сизди Виктор Цойду туурагандай элестетебиз. Чын эле аны кумир тутасызбы?" деген суроого төмөндөгүдөй жооп берди.
"Ал киши легенда. Ырларын сүйүп угам. Бирок аны туурайм деп айтуудан алысмын. Балким, кээ бир кыймыл-аракетим окшошуп кетет чыгар".
15:22 Суроо: "Оксана деген жубайыңыз кызыңыз менен сизди катташтырбай койгонун айткансыз. Азыр катташасызбы?"
"Кечээ эле ушул тууралуу ойлонуп жаттым эле. Кызымдын аты Альбина, азыр катташпайбыз. Анын өзүнүн себеби бар, кандай себеп экенин айтсам майдаланып кеткен болом", - дейт ырчы.
15:25 Окурмандын: "Сизди тойлордо ичип алып ырдайт дешет?" деген суроосуна "Мен "Буй-буйду" ырдасам ушул чын эле ичип алыптыр деп ойлошот. Ичпейм, болгону образга кирип алып ырдабасам, элге жетпей калышы мүмкүн. Андыктан түз туруп алып эле ырдай бербей, түрдүү кыймыл-аракетти аткара берем. Алла ырыскыны "Буй-буйга" салыптыр. Мунун арты менен машина алып, үй салып жатабыз", - дейт Токторов.
15:30 Ырчы сүйүү темасында сүйлөп жатып, алгачкы сүйүүсү окуучу кезинде келгенин, бирок ал учурда көптөгөн сүйгөн кыздарына жетпей калганын айтты.
15:34 Суроо: "Агаңыз Алим Токторов сизди бир аз жоопкерчиликсиз деп айтканын уктук эле. Азыр деле ошондойсузбу?
"Жок, андай эмес. Жоопкерчиликтүүмүн, эгер бул сапатым болбосо азыркы деңгээлге жетмек эмесмин", - дейт ырчы.
15:36 Бактияр Токторовдун аткаруусундагы "Лейлек" ырынын клиби көрсөтүлүүдө.
15:40 Суроо: "Шайлоо - ырчылардын негизги каражат табуучу булагы дешет?"
"Шайлоодо чиновниктер бизди колдонушат, убакыттан пайдаланып биз да аларды колдонуп коёбуз", - дейт күлүп.
15:42 Окурмандын суроосу боюнча, гитаранын коштоосунда "Адина" аттуу ырын жандуу үн менен аткарууда.
15:45 Суроо: "Сиз жаш деле эмессиз, бирок тойлордон сизди жаш кыздардан тарта улуу муундун өкүлдөрүнө чейин курчап алганын көрөбүз. Сыры эмнеде?
"Ниет кылыш керек деп койбоюнбу. Тамаша, курчабайт деле, болгону сүрөткө түшкөнү жаныма келишет. Ошону айтып жатса керек", - дейт ырчы.
15:48 Окурмандын суранычы боюнча "Башкага келинсиң" аттуу ырын жандуу үн менен ырдап жатып, бул ырды мектепте окуп жүргөндө сүйүп, жетпей калган сүйүктүү кызына арнаганын айтты.
15:54 Бактияр Токторов алып баруучулар даярдаган оюндун шарты боюнча, ырларын рэп түрүндө окуп жатат.
16:00 Суроо: "Тойлорго ставкаңыз канча?"
"Шаарда болсо 100-300 доллар, башка аймактарга 500дөн жогору", - дейт ырчы.
16:05 Ырчы "Буй-буй" ырын гитаранын коштоосунда аткарууда.
16:14 Суроо: "Кой сойгонду билесизби, койдо канча устукан болот?"
"Негизи кыргыздын жигити сөзсүз түрдө кой сойгонду билиши керек. Тилекке каршы, мен кой сойгонду да, канча мүчөсү бар экенин да билбейм", - дейт ырчы.
16:19 Окурмандын "Биринчи жубайыңыздан канча балаңыз бар, эмнеге ажыраштыңыз эле?" деген суроосуна, "Альбина аттуу бир кызым бар. Ажырашканымдын себебин айтпайм. Баарына эле ачыла берсең, сөз көбөйүп кетет", - деди ырчы.
16:22 "Биз" тобунун аткаруусундагы "Элимдин патриоту болгум келет" ырынын клиби көрсөтүлүүдө.
16:26 Бактияр Токторов окурмандын суранычы боюнча анекдот айтып, андан соң логикалык суроого жооп берүүгө аракет кылды.
16:32. "Туулган күнүң менен" деген ырын жандуу үн менен аткарып берди.
16:34 Суроо: "Аэропорттон чылым чегип жатканыңызды көргөм, үнүңүзгө терс таасирин тийгизбейби?"
"Негизи чылым чегүү үнгө гана эмес, бүт ден соолукка зыян. Бирок бирөөнү же бир нерсени күтүп жаткан убакытта чегип коюуга туура келет", - дейт ырчы.
16:38 Колдонуучунун суроосу менен Асанкалый Керимбаев менен Рыспай Абдыкадыровдун ырларын жандуу аткарып берди.
16:40 Ырчы өзүнө жаккан суроо берген окурманды аныктап, каалоо-тилек айткан күйөрмандарына ыраазычылык билдирди.
16:45 Бактияр Токторовдун SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги соңуна чыкты.