СУПЕРСТАН: "Канткенде ийгиликти багындырууга болот деп ойлойсуңар?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жолу болбогондор" деген темада автор: "Мен жакындан тааныган бир тааныш бала бар. Эч эле жолу болбойт. Бир иш баштаса, документ иши болсо деле оңунан чыкпайт. Үй-бүлөдөн да жолу болгон жок. Кээде карап отуруп боорум ооруса, кээде көрүп жүдөп кетем. Канткенде ийгиликти багындырууга болот деп ойлойсуңар?" - деп суроо салган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Ар бир жасаган ишке көңүлдү ток коюп жасаш керек. Ошондо бардык нерсе дебейм, 70 пайызы ийгиликтүү эле болот".

"Адамдын өзүнөн дегенге караманча каршымын. Эч качан өзүнөн эмес. Баары аракет кылайын, иштейин, элдей болуп жашайын десе керек. "Беш адам бөлөк, тилек бир, беш манжа бөлөк, билек бир" дегендей, ар бир адамдын ою, тилеги бар. Мен Орусияда жүргөнүмө үч жыл болду. Келгенимден бери иштеп жатам, такыр эле жол болбой жатат. Тапкан нерсемдин да жугуму жок. Тагдырдын сыноосу деп эле түшүнөм, бир күнү болбосо, бир күнү болор деген үмүтүмдү үзбөйм. Жолум жок деп какшангандар, чыныгы жалкоолор".

"Мен да ушундай атка көнүп баратам. Ой, ата, кайда барбайын, эмне кылбайын, такыр жолум болбой жатат".

"Жол кээде жакшы болот, кээде болбой калат. Наалыгандай болбоюн, бирок менин кара мышыгым бардай. Өзүм бир нерсеге аракет кылсам, ишке ашпай калып, ыйлай берем. Анысы аз келгенсип, мени менен жакындашкан адамга дагы кара мышыгым жугуп "неудачник" боло баштайт. Ошол үчүн кээде кээ бир адамдардан кол үзүп коём. Баары мен үчүн болуп жаткандай сезиле берет. Бирок азыр, шүгүр, баары жакшы. Жакшы жумушум бар, ата-энем, бир туугандарым аман, эми оорубаган киши жок дечи, кээде ооруп калам. Анан буйрук деген дагы нерсе бар эмеспи, мына ошол дагы өзүбүздү "неудачниктердин" санына кошконубузга түрткү болуп калат".

"Ишенимсиз кадамдар ийгилик жарата албайт. Демек, ишенимдүү аракеттегилер гана мындай ысымдан алыс болушат".
"Неудачник" болбош үчүн ар тараптан изденүү, аракет болуу керек. Анан да эң негизгиси өзүнө болгон ишеним. Өзүңө ишенсең гана көп ийгиликтерди багындырууга болот. Чынында, мен да мурда бир нече жолу "ийгиликсизминби?" деген ойго кабылгам. Акыры эмне себептен мага андай ой келип жатканын изилдей баштадым. Китептерден, интернеттен карап жатып акыры суроомо жооп таптым. Көрсө, ийгиликсиз жашоону өзүм чакырып, өзүмө өзүм тилеп алчу экенмин. "Секрет" деген китепти же видеону көргөн адам бул нерсени жакшы түшүнөт. Көрө электерге ошол китепти сунуштап кетем".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Shekeev969798
2017-08-23 17:28:51
Биз адамбыз колубуздан баары келет!Ньютон Эйнштейндер деле биздей эле адам болгон!бир максат койдунбу жетем деп ишенишин керек и ошого карап нерв системаларын аракет кыла баштайт жалкоолук баары бул адамдын мээсинен!мээ кандай команда берсе алты саныбыз аткарат
+1
Hadyja
2017-08-24 11:42:24
Адамдын жашоого болгон коз карашында деп ойлойм,баары. Мисалы,бейиштик сахабалар болгон,арасында кедейи,байы да бар эле.Бирок,алардын максаты,дунуйо,жашоого болгон коз карашы башкача болгондуктан эн кедейи деле,эн сыйлуу адамы болгон.
Балким,жолум болбойт дегендер,Кудайдын суйуктуу пенделери,ким билет?
Эн башкысы динин тургузган,ыйманын бекемдеген адам чыныгы ийгилике жетишкен адам деп эсептейм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан