Ник Герберт аттуу 45 жаштагы улуу британиялык адам уулу менен дайыма байланышта болуу үчүн жаңы мессенжер ойлоп тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 23-августта жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, тиркеме ReplyASAP деп аталат. Ал аркылуу колдонуучу мессенжерге келген билдирүүнү көрбөй калбайт. Себеби жаңы кат келгенде аны ачмайынча смартфонуңуз кандай режимде болбосун, өчүк болсо дагы сигнал чыгып токтобой тура берет. Ошондой эле билдирүүнү окуп, ага жооп жазмайынча телефондун башка функцияларын колдонуу мүмкүн эмес. Ата-эне баласына жиберилген билдирүүнүн окулуп же окулбаганы тууралуу дагы биле алат.
Ник Герберт 13 жаштагы уулу анын чалууларына, SMS-билдирүүлөрүнө жооп бербей, ата-энесин тынчсыздандырганы үчүн мессенжерди ойлоп тапкандыгын айткан. ReplyASAP тиркемесин жүктөп алуу бекер, бирок ага кошулуу үчүн бир адам 1,28 (болжол менен 80 сом) доллар төлөөсү шарт.