Ишкер Илон Маск анын SpaceX компаниясы тарабынан иштелип чыккан скафандрдын сүрөттөрүн жарыялады

Ишкер Илон Маск анын SpaceX компаниясы тарабынан иштелип чыккан жаңы скафандрдын сүрөттөрүн жарыялады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Ага ылайык, Илон Масктын айтуусунда ал скафандрдын макети эмес, учурда жасалып бүткөн даяр үлгүсү. Ал вакуумдук абалда да сыналган.

"Эстетикалык жана функционалдык тең салмактуулукту табуу өтө кыйын болду. Андан көрө жөн гана өз-өзүнчө бөлүп жасаган оңойго турмак", - деген пикирин ЖМКларга билдирген. Андан сырткары жакынкы күндөрү скафандр тууралуу дагы кенен айтып берүүгө убада берген.

Мурда Маск аталган скафандрды адамдын денесине ыңгайлуулугун жана жерге конууда коопсуздугу текшерилген учурда ал NASA'нын (АКШнын улуттук космостук мекемеси) комерциялык багыттагы программасы аркылуу иштелип чыккандыгын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан