ЖЫЛНААМА, 24-АВГУСТ: Бир кезде психиатриялык ооруканага жатып, чуулгандуу ырлары үчүн түрмөгө камалган, кийин "Алхимик" романы менен дүйнөгө таанылган Пауло Коэльо 70 жашта

“Алхимик” романы менен дүйнөгө таанылган бразилиялык жазуучу Пауло Коэльо өспүрүм курагында дээрлик тынч эмес жашоодо жашаганы маалыматтарда айтылат. Себеби ата-энесинин каалоосу менен юристтин окуусуна тапшырууга, ал гана эмес психиатриялык ооруканага жатып чыгууга жана чуулгандуу ырларынын айынан түрмөгө камалууга да туура келген.

Жазуучу 1947-жылы 24-августта Рио-де-Жанейродо туулган. Ал кичинесинен жазуучу болууну кыялданганы менен, 1960-жылдары аталган өлкөдө искусствого кысым көрсөтүлүп турган эле. Ал эми келечектеги таланттын ата-энеси уулунун жазуучу болуу кыялын түшүнбөгөндүктөн жана аны ар кандай кырдаалдан коргоо үчүн 17 жашында атайын психикалык ооруканага жаткырышканы айтылат. Ал жактан 3 жолу качууга аракет кылган Пауло Коэльо 20 жашында толугу менен ооруканадан чыгарылган.

Андан соң гезиттерге ырларын жарыялап, көп өтпөй мамлекетке каршы багыттагы ырларды жазгандыгы үчүн камакка алынат. Түрмөдөн чыккан соң тынч жашоону чечип, баш-оту менен китеп жазууга киришкен.

1988-жылы “Алхимик” романы жарык көрүп, болуп көрбөгөндөй популярдуулукка ээ болгон. Роман 67 тилге которулуп, Европадагы көптөгөн окуучуларга сабактан сырткары окуп келүүгө берилип, 2009-жылы эң көп тилге которулган китеп катары "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген.

Романдын негизги каарманы Сантьяго деген чабан. Бир жолу ал түш көрүп, түшүндө кимдир бирөө аны Египеттеги пирамидаларга барып, ал жакта катылган казынаны таап келүүгө үндөйт. Чабан бүт малын сатып Африканы көздөй бет алат. Бирок жолдон болгон акчасын жоготуп, ал жактагы хрусталь сатуучунун жардамчысы болуп иштеп калат. Тапкан каражатын чогулткан соң Египетти көздөй жолго чыгат. Ал жактан бейтааныш мырзаны жолуктуруп, ал аркылуу сырдуу Алхимик тууралуу угат. Алхимик аны жан дүйнөсүн угууга жана жашоодо өз жолу менен кетүүгө үйрөтөт. Соңунда бир канча кыйынчылыкты баштан кечирип, жашоонун маңызын түшүнгөн чабан издеген казынаны Египеттен эмес, өзүнүн мекени Испаниядан табат.

Коэльо эч качан каармандарына толук сүрөттөмө берип, алардын жүзүн толугу менен ачкан эмес. Анын айтуусунда, китепти окуган адам өзү ой-жүгүртүп, окуяны өзү каалагандай кылып түшүнүп алуусу керек.

Жазуучунун 86 миллиондон ашуун нускадагы китептери 150дөй өлкөгө сатыкка чыгып, дүйнөдөгү эң көп сатылган китептердин катарына кирген. Анын романдарын сүйүп окугандардын катарын Голливуддун белгилүү жылдыздары Мадонна менен Жулия Робертс да толуктайт.

Учурдагы жубайы Кристина менен

Пауло Коэльо 4 жолу үйлөнгөн. Ал нике шакегин тагынууну жактырбагандыктан, 4-жолу үйлөнгөндө колуна көпөлөктүн сүрөтү түшүрүлгөн татуировка тарттырган. Учурда 4-жубайы Кристина Ойтисика менен Бразилияда жашоо кечиришет.

Пауло Коэльонун учкул сөздөрүнөн:

  • Кээде кенч үйүңдүн алдында көмүлүп турганын түшүнүү үчүн, бүт дүйнөнү кыдырып келүүгө туура келет.
  • Биз жашообуздагы эң маанилүү сөздөрдү үн-сөзү жок айтабыз.
  • Кээде жашоо эки адамдын бири-бирине болгон маанилүүлүгүн түшүндүрүү үчүн аларды эки ажырым жолго салат.
  • Эгер мен адамдар менден күткөн нерсени жасасам, алардын кулуна айланып калган болом.
  • Кулап кетүү – уят эмес, тура албай калуу – уят.
  • Бардык нерсенин аягы жакшылык менен бүтөт. Эгер жакшылык менен бүтпөсө, демек, ал нерсе аяктай элек.
  • Кимге ар бир күн бири-бирине окшош туюлса, ал адам жашоодогу жакшы нерселерди байкабай калат.
  • Дүйнө – өзүнүн талантына, берилген касиетине жана жөндөмүнө жараша кыялдана билген жана кыялын орундата алган адамдардын колунда.
  • Келечек жана өткөн чак деген көп нерсе картага коюлуп калгандыктан да адамдар өздөрүнө сүйүүгө жол беришпейт.

24-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kechirmeni
2017-08-24 12:06:00
Окуп коруш керек экен ошол романды кызыгып калдым
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан