Бишкек мэриясы мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында сынак жарыялады

Бишкекте "Мамлекеттик тилди мыкты билген үй-бүлө" сынагы жарыяланды. Бул сынак КРнын "Мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамын жана быйылкы "Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк жылынын" алкагында Бишкек шаардык мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан демилгеленди. Сынак Бишкек шаарындагы райондук администрацияларда, мектепке чейинки, жалпы жана кесиптик билим берүү уюмдарында өткөрүлөт. Сынактын жыйынтыгы Бишкек мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан 2012-жылдын 20-декабрына чейин чыгарылат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан