Tesla электро унаасы Lamborghini спорттук унаасын басып өттү. Tesla Model X электроунаасы 400 метрге болгон жарышта Lamborghini Aventador Sv спорттук автоунаасын артка калтырып жаңы рекорд койду.
Тesla Model X электро унаасы 2,5 тонна болсо, Lamborghini Aventador SV 1,9 тонна. Model X электро унаасынын кыймылдаткычынын кубаттуулугу 580 аттын күчүнө барабар болсо, Lamborghini`ники 750 аттын күчүнө барабар.
Мындан сырткары Tesla кроссоверинин баасы 165 миң долларды түзсө, Lamborghini Aventador SV баасы 530 миң долларды чапчыйт. Ага карабастан Полярная Механика сайты билдиргендей Tesla компаниясынын кроссовери өзүнүн атаандаш унаасын 0,05 секундага артка калтырып дүйнөдөгү эң ылдам кроссовер аталды.