"Алтын кандын ээси" аталган австралиялык Жеймс Харрисон кандын уникалдуу донору болуп, ушул убакытка чейин 2 миллиондон ашык жаӊы төрөлгөн баланын өмүрүн сактап калганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Жеймс Харрисондун көкүрөк клеткасына 14 жашында операция жасалып, ага 5 литрдей донорлук кан куюлган. Операциядан соң ал 3 ай ооруканага жатып, 18ге чыгары менен элдерге кандын донору болуп берем деп өзүнө сөз берген. Ошентип жашы 18ге толору менен аны ооруканага чакырып, дарыгерлер анын канында көп өлчөмдөгү антитела бар экенин аныкташкан (Антитела - резус-фактору апасыныкына окшош эмес балдардын өмүрүн сактап калууда маанилүү роль ойнойт).
Дарыгерлер Жеймстин канынан табылган өзгөчө антителадан иммуноглобулин вакцинасын чыгара башташкан. Анын канынын плазмасы баалуу болгондуктан Австралия өкмөтү анын жашоосун 1 миллион долларга камсыздаган.
Азыр Жеймс 80 жашта. Ал орточо эсеп менен жумасына 3 жолу канынын плазмасын берип турат. 2011-жылдын май айында ал 1000-жолу кан берип, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. Ушул убакытка чейин ал болжол менен жаңы төрөлгөн 2 миллиондой баланын өмүрүн сактап калган.
2017-жылдын 27-декабрында уникалдуу донор 81 жашка толот. Австралиянын мыйзамына ылайык, адамдарга бул жаштан тарта донор болууга тыюу салынган.
Белгилей кетсек, 2015-жылга чейин аталган мамлекеттеги антирезустук препараттардын баары Жеймс Харрисондун плазмасынан жасалып келген.