АКШда 88 жаштагы миллионер 300 миң долларын 2 мышыгына мураска калтырды

Нью-Йорк шаарынын Эллен Фрэй-Воутерс аттуу жашоочусу 300 миң долларын 2 мышыгына мураска калтырган. Чет элдик маалымат булактарынын маалыматына ылайык, миллионер аял Бириккен улуттар уюмунда иштеген.

Эллен Фрэй-Воутерс 2015-жылы 88 жашында көз жумган. Анын күйөөсү - Бруклин колледжинин профессору 1989-жылы каза болгон. Түгөйлөр бир гана балалуу болушуп, ал ымыркай кезинде эле чарчап калган. Мындан улам ал 2 мышыгын өзүнүн эң жакын жандыктары катары санаган.
Миллионер аял өлөр алдындагы керээзинде калтырылган каражат мышыктарынын мыкты жашоосуна жумшалып, алар эч качан торго түшпөш керек экендигин айткан. Учурда анын Тайгер жана Трой аттуу мышыктары жумшак, кымбат керебетте жатып, Эллендин мурдагы жардамчысынын кароосунда. Эллен жардамчысына мышыктарды караган кызматы үчүн 50 миң доллар калтырган. Жаныбарлар өлгөндөн кийин акча Эллендин 2 сиңдисине жана ага кам көрүп, баккан 2 аялга которулат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Wolf_ero
2017-08-24 12:20:04
вууууай ХХХХ
+4
evra_kg
2017-08-24 12:20:51
Башынды жээ Башынды жээ муну карасан
+9
malikkkg
2017-08-24 12:27:10
Мышыктары бизден бай го))))
+16
briliant87
2017-08-24 12:45:12
Эч нерсе айталбайм
+4
suban78
2017-08-24 12:51:15
Мага беш миллион сом аябай керек болтат даа, зор бизнес идея бар эле. Бир мышыгынарды мен багып берейин, жакшы карайт элем. Озум лично кундо свежий чычкан кармап берип.
+31
Nargiza1987k
2017-08-24 13:11:52
suban78,ха ха ха
+3
aylun
2017-08-24 13:18:33
suban78,боорду эзесиз го)))
+3
jumaev0084
2017-08-24 13:28:04
suban78,ха ха дагы деле кулуп жатам
+2
Ferdews
2017-08-24 13:47:59
suban78,ахаха свежий чычкан де, если что мен деле жардамдашмакмын мышыкбайды бакканга.
+3
luna.kg
2017-08-24 15:53:37
suban78,чычкан коп окшойт силер жакта.
+2
sirgak_92
2017-08-24 13:27:48
Эх ошо кемпирдин мышыгы болуп калбай)))))
+8
Ymanbekov
2017-08-24 13:39:09
sirgak_92,Сага мышык болгон жагабы? Баласы болуп калсан болбойт беле?)
-3
Tolkun555
2017-08-24 13:47:20
Ymanbekov,баласы болсо ымыркай кезинде чарчап калмак.
+11
Shekeev969798
2017-08-24 14:01:26
sirgak_92, Менин мышыгым болгонунда кор болт элен
+8
doping2
2017-08-24 14:29:16
Shekeev969798,)))))
+4
Tansuluu09
2017-08-24 13:29:26
Кыйратыптыр ))
+1
wirin
2017-08-24 14:17:31
hahago
+1
kyrgyzstan00
2017-08-24 14:25:14
Коментарий окуп олло кулдум
+3
Aza030393
2017-08-24 17:35:58
Мышык менен да бай го ухуу
+1
zamirbekorozalimovkg
2017-08-24 19:54:17
Кайран мышык бир милионунду текебаевге берчи чыксын турмодон
+3
Muzik
2017-08-24 22:12:59
Мышыктар миллионер,бирок оздору миллионер экенин билишпейт)))
+1
AykaMer
2017-08-25 00:28:47
Мышыктарды баккан адам жыргаптыр да)))
+1
legion-arbat
2017-08-25 19:00:07
Атан горууууу,
+1
karasuu
2017-08-25 19:46:33
Мышыгыбызды срочно тааныштырат окшойбуз )))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан