SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Бардык эле жаңы үйлөнгөндөр биздей кыйналабы?" деген тема талкууга алынган.
Темадагы автордун билдирүүсү:
"Шаарда жашоо оор экенин баарыбыз билебиз. Силердин жашооңордо бир тыйын акча калбай калган учур болду беле? Кантип ал абалдан чыккансыңар? Бирөөдөн карыз алганды жаман көрөм. Мурда апам менен жашап, акча менен ишим жок эле. Эми турмушка чыгып, жашоонун азабын толугу менен тартып отурам. Жумушум жакшы эле, бирок Казакстанга көчүп, жумушсуз калдым. Жолдошум окуп, мен иштечүмүн. Эми эмне кылууну билбей турам. Жумушка мугалим болуп орношсом болот, бирок айлык бир айдан кийин гана тиет. Жолго да, тамак-ашка да акча жок. Жолдошум диссертациясын жактаса эле иштемек. Дос кыздарым жыргап эле жүргөндөй. Мына сага, экөөбүз тең кызыл диплом менен бүтүп алып, тааныш, шапка төлөгөнгө акча жок, жумушсуздуктан күйөөм жүк ташууга, мен официант болууга даяр болуп отурабыз. Бардык жаңы үйлөнгөндөр биздей кыйналабы?"
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Сабырдуу болуңуз, мындай көйгөй мыйзам ченемдүү эле көрүнүш, турмуш оңой эмес, ушундай кыйынчылык сыноолор менен бышып жетилебиз. Анан жүк ташуу менен официант болуунун уят жери жок. Эң негизгиси маңдай тер, адал эмгек менен табылган эмгек акы берекелүү жана тапкан наныңыз ширин болот. Жеңилбеңиз, акча деген табылат. Кайраттуу болуп жолдошуңузга колдоо көрсөтүп, дем күч бергениңиздин өзү чоң нерсе".
"Тээ 5 жыл илгери жаңы үйлөнгөн жаш үй-бүлө элек. Бөтөн элде, бөтөн жерде нанга акчабыз жок калган. Мен кош бойлуу элем. Жолдошумдун айлыгынын жарымын берип, иштеген фирмасы жабылып калган. Арданып ыйлачумун. Дипломдуу адамдарбыз. Кара жаныбызды бага албай калганда алтындай болгон ата-энелерибиздин кадырын билгенбиз. Тууганыбыздан 100 рубль сурасак, ашык-кеми жок 100 рубль берген. Ошонусуна да шүгүр кылганбыз. Чиркин, 100 рублга зарыкканбыз го. Аны жолдошум эки күндүк жол киреге сураган. Кудайым сүйгөн пендесине сыноо берет, негизгиси сынбоо керек. Баспаган жакка миң бастырат. Сүйлөбөгөн адамга миң сүйлөтүп, ийилбегенге ийилтет тура. Ошонусу менен турмуш да. Убагы келип кыйын кезеңдерди эстеп бизге окшоп жылмаясыңар. Бактылуу болгула".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.