Президент Алмазбек Атамбаев Ооганстандын вице-президенти менен жолугушту

Бүгүн, 24-августта президент Алмазбек Атамбаев Ооганстандын вице-президенти Мохаммад Сарвар Даниш менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз мамлекети менен Ооганстандын ортосунда ири инфраструктуралык, энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу контексинде түрдүү тармактарда кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Атамбаев вице-президентке ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча форумга катышууга келгендиги үчүн ыраазычылык айтты. Ал бул форум ак илбирс мекендеген өлкөлөрдүн жаратылышын сактоо маселелерине көңүл бурууга көмөктөшөрүн белгиледи.

Мохаммад Сарвар Даниш Атамбаевге Ооганстандын президенти Ашраф Ганиден салам айтып, жакшы каалоо-тилектерин жеткирди. Ооган делегациясы үчүн ак илбирсти сактоо боюнча форумга катышуу сыймык экендигин айтты.

Мохаммад Сарвар Даниш өз сөзүндө алдыдагы президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алууну каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан