Ханзаада Уильямдын жубайы Кейт Миддлтон күтүүсүз ооруканага жеткирилгени айтылууда

Кембридж ханзаадасы Уильямдын жубайы Кэтрин Миддлтон бир жума мурун күтүүсүз ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 24-августта жазып чыгышты.

Маалыматта Миддлтон Мэрилебондогу падышалык ооруканага жатып чыкканы айтылат. Бирок бул боюнча анын үй-бүлөсү эч кандай расмий билдирүү таратышкан эмес. Ал эми айрым жалпыга маалымдоо каражаттары ишенимдүү булактарына таянып, анын 3-ирет кош бойлуу экенин жазышса, кээ бирлери анын ачка көп жүргөнүнөн улам ооруганын болжошууда. Анткени Кейт Миддлтон келбетине кам көрүп, толуп кетпөө үчүн дайыма диета кармай турганы, ал гана эмес соңку 2 айдын ичинде арыктап кеткени үчүн нике шакегин кичирейткени маалымдалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
tasnim
2017-08-24 18:23:39
жон эле жашай бербейби дейм да
+2
Aijana121197
2017-08-24 21:23:06
Тобоо, эн биринчи ден соолук эмес, сулуулук керек окшойт
+1
langar
2017-08-25 01:17:59
Кантсе дагы ханзаданын айалы болатбайбы
0
283755
2017-08-25 02:36:10
Обббоооо олуп кетесинер а эй?Жөн эле окуп койуп отуп кеткиле да..сөссүз бир причина табыш керек да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан