Кримавторитет Камчы Көлбаев боюнча кезектеги соттук отурум өтүп жатат

Бүгүн, 23-майда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда кримавторитет Камчы Көлбаев боюнча кезектеги соттук отуруму өтүүдө. Судья Абдыразак Боронбаев жабырлануучу Абдыкеримов Азаматтын көрсөтмөсүн окуп берди. Көрсөтмөдө "2009-жылдын 13-февралында мен жана Сулайманов Калысбек, Каниметов Мирбек деген балдар болуп Бишкек шаарынын Ак-Өргөө  жаңы конушундагы көчөдө бара жатсак, артыбыздан кара түстөгү Мерседес үлгүсүндөгү унаа келип, алдыӊкы орундукта отурган белгисиз адам Мирбекти чакырды. Андан соң бизге да кайрылышып, унаадан тапанча көрсөтүп, унаага отургула деп айтты. Артыбыздан келген унаадагылар беткапчан адамдар экен. Алар бизди ээн талаага алып барып, жылаңач кылып чечинтип сабап, телефонубузду алып, өлтүрөбүз деп айтып коркутуп, кайра “мейли, жашагыла” деп кетип калышты",- деп жазылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан