Президенттин тапшырмасы менен УКМК кызматкерлерине жаңы батирлер берилди

Президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров 24-августта Бишкекте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери үчүн курулган көп батирлүү эки үйдүн ачылышына катышты.

Жумакадыров жаңы конуштуу болгондорго Алмазбек Атамбаевдин куттуктоо сөзүн жеткирди. “Мен бүгүн өлкөбүздүн президенти Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин атайын тапшырмасы менен, жаңы батирлердин ээлерин турмушундагы эң жакшы окуялардын бири – жаңы үйлүү болушу менен куттуктап коюу үчүн келдим. Мамлекет башчыбыздын атынан сиздерге турмушта жана кызматта ишенимдүү тирек болгон сиздердин туугандарыңыздарга жана жакындарыңыздарга жылуу куттуктоо сөздөрдү жеткирип коюу мен үчүн парз. Бардыгыңыздарга жооптуу ишиңиздерге ийгилик, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм”, - деди Коопсуздук кеңешинин катчысы.

Коопсуздук кеңешинин катчысы жаңы үйлөрдүн жанына балдар аянтчасын куруу үчүн 300 миң сомдук сертификат да тапшырды.

Иш-чарага УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Раимберди Дүйшөнбиев дагы катышканын президенттик аппараттан билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
aibars
2017-08-25 08:47:26
Элдин каражатынан салынган уйлор элге кызмат кылгыла талыкпай. Алёшанын эмес.
+13
MAKALAK
2017-08-25 09:45:39
aibars,элдин акчасы болуп бир сом берип койдунбу
-24
Kemel29101981
2017-08-25 11:45:50
MAKALAK,анан эмне сенин акчана курулдубу
+13
Jarookerjan
2017-08-25 12:54:33
MAKALAK,оозго келгенди оттой бербей теренирээк ой жугуртуунду сунуштайм.
+10
Ymanbekov
2017-08-25 08:57:36
Дача суудагыларга ушундай батирлерди берсе болбойт беле? Текени кармап бергени учун ушуларга бербей.
+40
pixduel1
2017-08-25 09:24:30
Бул да УКМ каны колго алыш учун эле жасап жатат,Белорусия,Россия жб олколорго окшоп! Буйругк аткартыш учун ооздорун жабып)) бир нече олколор да милиция,укм кага окшогон кызматкерлерге коп акы толойт себеби эл толкуса тыят деп.
+22
balakai-1997
2017-08-25 09:24:49
Кичине ойлонуп суйлосонор элдин акчасын жебеген таза иштегени деле толтура. Уйу жок жургону учун курулуп жататда
-24
nurbekasr
2017-08-25 09:43:25
Сегизбаевге бир особняк бергиле президенттин атынан деп койбоптур.Ушу кантип болсун күч түзүмдөргө эле берип келе жатат батирлерди.Врач медик мугалимдерге эмне беришбейт дейим да.Эми кимси президент болоор экен?бир түзүграак тиригираак акылдуу ичбеген чекбеген адам келсе экен президенттикке.Мага эң башкысы сүйүнгөнүм быйыл жакында АШАнын кетиши.
+18
MAKALAK
2017-08-25 09:44:56
Ичи тарлар ичинер куйсо туз жалагыла.Эч нерсе коро албайсынар уй берсе жаманбы кыргыз ошон учун жарыбайт ичи тарланып
-29
Jarookerjan
2017-08-25 13:07:16
MAKALAK,УКМК кызматкерлеринин кирешелери жакшы эле президент уй бербесе деле оздору алып алганга кудуреттери жетет.Мейли берсе деле бирок тегиз карап,калыс болушса жакшы болмок.Дача Судагы байкуштар уйу жок,ар кимдин уйундо жашап жатышат.Балдарын кайсы мектепке окутаарыбызды билбейбиз деп кыйналып журушот.Аларга болуптур,мамлекеттин казынасынан берилбесин жок дегенде кайрымдуулуктан чогулган акчаны берип коюшсун.Оздору уй алып алышат.
+6
Erke94
2017-08-25 10:15:54
Баткенде да аскер кызматкерине уй курулуп буткон келип тапшырып койгулачы.Кабарчылар качан тапшырат экен сурап бергилечи Дуйшонбиевтен
+4
baisogur
2017-08-25 10:35:25
Депуттар жумушуна 5 кун мурда иш башташканына нааразы болуп жатышат эл учун иштейм деген чыныгы мекенчил ишмерлер аз экени окундурот депутаттардын туп тамыры менен жок кылыш керек,закон чыгара турган 10адам Кыргызга жетет 120кой баккандан коро 10иш билгир адам жетишет,алакандай жерибизди дуйно таанылгыс кылып озгорчу кун алыс эмес,карт койлор тиши тушкондо балдарына ордун бошотуп берет ошентип кайра эле баягы лаберинт кайталанат ошон учун булардын тамырына балта чабып ар бирибиз алдыга умтулалы!
+11
Aitunuk
2017-08-25 11:21:57
Конуш жайлуу болсун! УКМКда иштегендер болуп, мекендин, элдин коопсуздугун коргоп, ачка-ток, күн-түн иштеген адамдар болгондуктан, беймарал интернетте отуруп алып заарга толгон билдирүүлөрдү жазып жатасыңар.
-9
kechirmeni
2017-08-25 11:28:37
УКМК кызматкерлеринин оозун майлаганский чтобы кийин АШАнын артын жабуу учун жана чукубоо учун
+10
kokboru
2017-08-25 12:14:21
атамбайдын коопсуздугун коргогону үчүн батир алвп жатасыңар! Уялсаңар боло,бирок аз калды эртең атамбай кетет( атамбайды сыйлабайм ошончүн баштамгасын чоң кылып жазбайм.) атамбай кетсе,батириңер алынат жана силерди түрмөдөн көйкө места күтөт УКМК нын буйрук чыгаруучулары уктуңарбы???
+7
ryslife888
2017-08-25 13:04:37
kokboru, сен президентти сыйлабаганындан эмес, ощунду сыйлабаганын учун баш тамгасыз жазып жатасын. Карангылыгынды, макоолугунду коргозуп жатасын. УКМКнын кызматкерлери аскер адамдар, президент ким болсо да, алдына коюлган маселени так Жана кылдаттык менен аткарышы абзел. Кыйын экенсин аскер кызматка отуп иштеп корчу. Алар андан маянага загар корчу батирлерди алмаштырып. Алардын да уй булоосу бар. Бардар уйбулоонун балдарды да иштешет, а бирок оз кучу менен ишке орношкондор толтура
-9
MAKALAK
2017-08-25 19:53:41
kokboru,туркойсун да ошон учун
жазасын кичине тамга менен
-8
KGstan1981
2017-08-25 21:18:27
УКМКда бут байдын эркетай балдары иштешет аларда андай батирлер толтура бирок ал батирлери туугандарынын атына жазылган.Кудай Буйурса мен президент болуп калсам биринчи кезекте мугалимдерге жана медиктерге баатирлерди курдурам.
+3
Azatbek83
2017-08-26 01:40:28
Аны муну койгула Кыргызстанда 90 процент эл суйунуп жатат ак уйдун башчысы кетет деп 10 процент коркуп подхалин болгондор аларга айла жок.
+1
aravan.kg
2017-09-04 20:52:51
Жапаров менее Текебаевди кармап бергени учун сыйлыкко дейм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан