Беларустун Ратомка шаарчасында адамдын жасалма баш сөөктөрү курулушуна колдонулган үйгө үй ээсинин коңшулары тынчсызданышууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат каражаттары 24-августта жазып чыгышты.
"Жеке ишкер алгач өзгөчө үлгүдөгү үйдүн курулушун баштаганда көпчүлүгү коттедж салынып жатат го деп ойлошкон. Кийинчерээк үйүнүн чатырына адамдардын жасалма баш сөөктөрүн тизип, дубалдарына кишинин жарым-жартылай чыгып турган жасалма колдорун орнотуп чыккан. Ал үйдүн жанынан өтүп бараткан айрымдар коркконунан чокунуп да жиберишүүдө. Түнкүсүн чатырдагы баштардын көздөрүнөн жарыктар чачырап турат. Коңшулары жергиликтүү бийликке бул тууралуу арыз да жазышты. Бирок алар бирөөнүн жеке менчик мүлкүнө кийлигише албасын айтышкан", - деп айтылат маалыматта.