Элчилик АКШдагы Кыргыз жарандарын күтүлүп жаткан катуу шамалдан сак болууга чакырды

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Техас штатын көздөй жылып келе жаткан "Харви" бороонуна (ураган) байланыштуу Кыргыз жарандарын сак болууга чакырды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

"Американын түштүк жээктери аркылуу жылып келе жаткан "Харви" бороонун акыркы 12 жыл аралыгындагы кыйратуучу табият кырсыктарынан болуп калышын адистер алдын ала эскертишүүдө. Буга байланыштуу Техас штатына пландалган сапарлардан баш тартууну эскертебиз. Бороон 25-августта (АКШдагы убакыт боюнча) түн ичинде башталып 26-августка чейин созулушу мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилиги 24 саат бою байланыш телефону иштеп жатканын, өзгөчө кырдаалга кабылгандар болсо +1 (202) 256-2924 номерине кабарлоону эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан