Бүгүн, 26-августта Орусиянын Москва шаарында "Moscow Off-road Show" аттуу жол тандабас унаалардын көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат каражаттары жарыялады.
"Крокус Экспо" көргөзмө салонунан бүгүндөн тарта Орусияда жасалган унаалардын жол тандабастарга, кроссоверлерге, карда жана саздуу баткактарга жүрө ала турган унааларга кантип айланганын көрүүгө болот", - деп айтылат маалыматта.
Төмөндө Волга, Нивадан тарта УАЗга чейинки машиналардын өзгөчө жасалгасын көрүңүздөр.
8 дөңгөлөктүү "Шаман" жол тандабасы. Муну менен саатына 70 чакырым ылдамдыкта жүрсө болот. Унаа саздуу жерлерге ылайыкталып жасалган.
УАЗ-452 (буханка). Авто сүйүүчү усталар муну да астын бийиктетип, чоң өлчөмдөгү дөңгөлөктөрдү орнотуп жасап чыгышкан.
Тойота тундранын дөңгөлөктөрү алынып, анын ордуна каз тамандуу жүрмө бөлүк орнотулган.
Кадимки Ниванын бою бийиктегендеги көрүнүшү (Бигфут)
Дагы бир УАЗ 452нин маңдайы темирлер менен бекемделип, терезелери тосмолонгон.
Сүйрөөчү жол тандабас.
ГАЗ-24-95 Волганын алды көтөрүлүп 4WD'га айлантылган түрү.
ГАЗ-66нын рамасына токой кескич жол тандабастын жүрмө бөлүктөрү орнотулган. Кабинасы ЗИЛ-157ге таандык.
Швейцар аскерлерине таандык Даймлер-Пуч.
Белинен ийилип бурулган жол тандабас көрөрмандарды таңдантты.
Албетте, автокөргөзмө айымдарсыз өтпөйт.