Бишкекте төрт балалуу келин 10 жылдан ашуун убакыттан бери таштандыдан кагаз куту терип жан багат

Бишкекте төрт балалуу 25 жаштагы Чолпонай Орунбаева 16 жаштагы иниси менен 10 жылдан ашуун убакыттан бери таштандыдан кагаз куту терип жан багат. Ал мындай тагдырга апасы каза болуп, жолдошу таштап кеткенден кийин туш болгонун SUPER.KG порталына айтып берди.

"Апам каза болгондон кийин мени таякелерим 15 жашымда турмушка узатышты. Жолдошум ата-энем менен жакындарымдын жоктугунанбы жакшы мамиле кылбай кордукту көп көргөзүп жүрдү. Ошентип 4 балалуу болдук. Кенже балам боюмда бар кезде бизден кетип калды. Азыр башка турмушу бар деп угуп жатам. Кыйынчылык учурда мени менен чогуу жашаган иним экөөбүз Бишкектин четиндеги таштандыдан 10 жылдай кагаз куту, баштык, желим бөтөлкө терип сатып, ар кайсы жерде жашап жүрдүк. Азыр иним 16 жашка толду. Таштандынын сасык жытынын таасири тийдиби ооруп калды. Апам менен атам экөө биз кичинекей кезде ажырашып кеткен экен. Учурда атам менен байланышыбыз жок. 2004-жылы апам каза болгон", - деп билдирди Чолпонай Орунбаева.

Чолпонай Орунбаева учурда 25 жашта. Ал Токтогул районундагы Терек-Суу айылынын тургуну. Жашоодон жакындарын жоготуп, караан тутканы балдары менен иниси гана. Балдарынын улуусу 10 жашка чыкса колунда көтөргөн уулу 9 айлык. Учурда борбор калаадагы "Дордой" базарына жакын жерде батирлердин биринде жашайт.

"Ач калбайлы деп кошуналардын же башкалардын килем, паластарын жууп, үйүн жыйнап акча табам. Кээде иш таппай калганда кайыр сураганга туура келет. Күйөөмдүн туугандары бизди карабай койгон. Ар кимден карыз алып карызыбыз 20 миң сомго жетти. Менин паспортум, күбөлүгүм, инимдин күбөлүгү, балдарымдын күбөлүктөрүн магазиндерге күрөөгө коюп азык-түлүк алганбыз. Алдыдагы жашообуз караңгы болуп турат", - деп кошумчалады Чолпонай.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
aadanova14
2017-08-26 20:35:30
Эрине балдарынын убалы тийсин. Балдарына боорум ооруду.
+13
Hadyja
2017-08-26 21:08:32
Бул деле байкуш чарчады да жалгыз иниси менен жан багып.
Баа бердим кучтуу адам экен.Жоолугун ороп,оокатын тын кылып атканына.
Чачылган тошокторуно маани берген жокмун.Балалуулар билишет,уй онойу менен жыйналбайт.Балалуу уй базар болуп.
Кудай деген кур калбайт.Кудайым ден-соолук,ыйман,боорукер,мээримдуу куйоо насип кылсын!
Мусулман бир туугандар жардам берет деп ишенем
+9
meni_kut
2017-08-26 21:11:36
эки аял алууга багууга кудурети жеткендер,ушуга окшогондорду албайбы.Жоолугуна асылгандар жудомуш жашап куту терип ,жоолукчан жургону жакшы,чем сойку болуп,чачын саргартып жургончо.Балдарын адал багып жатыптыр.
+24
nurbekasr
2017-08-26 21:32:11
Эмне үчүн акыркы убакта ушундай балдары менен калган айымдар көбөйүп кетти.Өткөндө Лейлектик Надира сулуу айымды окудум эле.Жардам бергим келди ушундай акыбалды көрүп алып.
+3
Omar2011
2017-08-26 21:35:41
nurbekasr,жардам бердинби анан?
+3
nurbekasr
2017-08-26 21:37:25
Omar2011,Эми окудум да эми буюрса жардам берем.Түнү азыр кайдан кандай жардам бермек элем,Өзүм Өзгөндө турсам таң атсын.
+2
shumkar929292
2017-08-26 21:37:41
Оронуп алып откондо уй алган келин клуч тапшыралы десе салонго кетип куткон уккандан кийинки ойум эле.кудайым куч кубат берсин балдарынын омуру узуун акыл эстуу болуп чонойсун.кудайым буйурса Экинчи уй да тапшырылат биз жакта уй булосу менен мумкунчулугу чектелген адамга.иштери журушуп кетсе барак тибинде уй салып уйу жок кыйналган адамдарга жардам берип калышса жакшы эле
+1
aidinaernur
2017-08-26 22:39:27
Кудай кечирсин мындайларга ичим ачышпай калган.
Кудайым сактап балдар эсен аман чоноюп алышса энесин карап алышат. Куйоо сорой аман Эле болсун
+3
fair_play
2017-08-26 23:09:48
Кайсы элдин зайыбын жудоо корсон ,ошол элдин эркегине кой куноону кой деген кеп бар .Эркектер аман эле болгула !!!
+6
zzz---zzz
2017-08-27 03:50:59
Аллах бул аялга куч кубат берсин балдарына ыйман ынсап берсин супер инфо тел номери барбы болсо жазып коёсуздарбы сураныч?
+1
Nora
2017-08-27 05:43:31
jooluk salyp orongon kelin eken , emne myncha orongondordun baary le tagdyry ushundai taiky boldu eken , kudai ozun saktaa.
+2
Hadyja
2017-08-27 07:32:07
Nora,Сыноо учун.Акыретте Кудай байса-бай коп деген соопторду берет.
Кыйынчылыка кабылган бул адам бир сыноого кабылса,ушуга жардам берээр бекен деген адамдар озунчо сыноого кабыл болот экенбиз.
Бир учурда баарыбыз сыноодон отуп атабыз.
Бул дуйнодо кыйынчылыкты коргондор байларга караганда Бейишке 500жыл мурун киришет экен
+1
jasgul
2017-08-27 08:54:34
Кичине баласы 9 айлык болсо куйоосу 1,6 жыл мурун таштаган окшойт да. Он жыл каробка терсе куйоосун каробка терип багып жургон болобу ошондо... Жыл сайын торогон окшойт балдарын
+7
-Sumitra-
2017-08-27 11:05:34
Ушинтип кыйналып журуп да торой берген экен да.Алына жараша торошпойбу анан.Качан караба ушул акыбал.Просто боорум ооруйт аялдарга.Тороп берсе,эркеги чанып таштап кетсе кандай аянычтуу.
+9
AKCAHAT
2017-08-27 12:58:00
Эн улуусу 10 жашта экен кичуусу 9 айлык куйоосу кеткенине 1 жыл же 1,5ж болгон анан кандайча 10 ж бери коробка терет иниси экоо. Значит чон улуу торолгондон бери эле коробка терип жашашат куйоосун деле ошентип баккан, андай экен зачем 4сун торойт кыйналып, достойна бага албаса. Эртен бул балдар же тарбия же мээрим же жетиштуу конул бурулбай чонойот. Кыскасы тушунуксуз.
+3
dindilin
2017-08-28 12:59:59
ммм ишенич кыйын го. буюм тайымы тузук эле экен. он жылдан ашуун убактан бери каробка терип жан багам дейт кайра жолдошум тортунчу балам боюмда кезде таштап кетти дейт бир аз дал келбоочулук. ошондо турмушка чыкканда эле каробка терип баштаганбы. тортту торотуп таштап кеткен эркеги аман эле болсун.
0
dindilin
2017-08-28 13:02:55
негиз кобойолуу,удаа удаа торош керек деген пикир азыркы заманга дал келбегендей. ар бир баланын ырыскысы бар дейбиз, туура олбогон жанга жаз келет болуп бир куну ачка бир куну ток болуп кун отуп бала чоноё берет бирок ар бир баланын бактылуу жашоого укугу бар да.
+1
Акназар Сулайманкулов
2017-08-31 11:42:59
Жардамга муктаж Чолпонайдын байланыш номуру 0554 848525
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан