Мушкер Флойд Мейвезер Конор Макгрегорду техникалык нокаут менен жеңип алды

Бүгүн, 27-августта Лас-Вегас шаарында бокс чемпиону менен UFC уюмунун чемпиону ортосундагы беттеш бир нече мүнөттөн кийин орун алат.

10:00. Эки спортчу беттешке чыкканга даярданып жатышат.

10:04. Эки мушкер рингге чыгып баштады. Биринчи Конор Макгрегор чыгып жатат.

10:10. Макгрегордун артынан Флойд Мейвезер чыкты.

1-раунд. Эки мушкер бири-бирин аңдуу, изилдөө менен өткөрдү. Макгрегор аралыктан сокку узатса, Мейвезер коргонууда өткөрдү. Бирок кези келгенде контрчабуул коюп жатты.

2-раунд. Мейвезер дымагын күчөтүп баштады. Көбүрөөк соккуларды жасап атаандашына коркунуч жаратууда. Конор бир-эки жолу Флойддун артына өтүп эрежесиз уруштун ыкмаларын колдонууга аракет кылды.

3-раунд. Конор Макгрегор бокс рингине көнө түштү. Бирок анын кыймылдары аны профессионалдык мушкер эмес экенин билдирүүдө.

4-раунд. Флойд Мейвезер эки жолу таамай соккусу менен эсте калды. Макгрегорго калыс уламдан улам бул эрежесиз уруш эмес бокс экенин эскертүүдө.

5-раунд. Эки мушкер клинчке уламдан улам түшүүдө. Бул эки мушкердин чарчап баштагандыгы же бири-биринен коркуп жатканын билдирет.

6-раунд. Чабуулга чабуул, соккуга сокку. Беттештин чыныгы кызыгы эми башталды. Күйөрмандардын сүрөөнү менен эки спортчу мыкты раунд өткөрүштү.

7-раунд. Флойд Макгрегордун коргонуусун сезбей баштады. Анын бир канча соккулары таамай болду.

8-раунд. Америкалык мушкер чабуулун токтоткон жок. Конор артка качуудан башка эч нерсе кыла албай жатат.

9-раунд. Рингде ким чыныгы боксчу экенин Мейвезер далилдөөдө. Конор 12 раундга чыдайбы же нокаутка учурайбы башкы суроо болууда.

10-раунд. Мейвезер дагы бир канча жолу таамай сокку узатып Макгрегорду нокаутка түшүрүүгө аз калды. Бирок ортого калыс түшүп беттешти токтотту. Техникалык нокаут! Мейвезердин жеңиши.

Муну менен Мейвезер 50-беттешин жеңип, айтылуу Рокки Марчианонун рекордун ашып түштү. Беттештен соң "бул менин акыркы беттешим" деп жар салды. "Макгрегор мен ойлогондон жакшыраак беттешти".

"Мен соккулардан эмес, чарчагандан улам далбастап калдым, калыс беттешти эрте эле бүтүрүп койду", - деп айтты Конор Макгрегор.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (49)
imanchik
2017-08-27 11:42:14
Флойд корсун эми ММАны)
0
UlukmanKalyev
2017-08-27 11:42:20
Мейвезер башында коргонууда Конорду чарчатып койду
+5
Isco22
2017-08-27 12:03:37
Техникалык нокаут десе деле нокаут дейт го,нлкаут болгудай тушподу го,тушпогондо техникалык нокаут болот
0
Timon
2017-08-27 12:14:44
уткан да утулганда акча жаанын астында калды))) жөн эле ШОУ го
+1
Mavlyuda
2017-08-27 12:17:22
Админ сураныч видеосун жуктоп коюнуздарчы
+1
Alinur96kg
2017-08-27 12:33:21
Туугандар талашып тартышып урушпагыла.Бул жон гана шоу сыяктуу.Утканы да утулганы да акча ала турган нерсе экен.
+3
Isco22
2017-08-27 12:53:30
Alinur96kg,заадиле алышат,булардын ставкасы коп болуп жагымдуу корунду да
+2
Isco22
2017-08-27 12:59:50
Кээ бирлери ойлошот да нокаут десе тушуп калды деп,а бул тушподу техникалык нокаут болдуууу супер инфо
+1
omka100514
2017-08-27 13:21:04
"Мейвезердин мендей атаандашы болбогон учун 46 жолу женген"- деп Конор чон суйлогон экен эле нокаут менен женип алдыго Флойд
+3
Bayas_tegin
2017-08-27 13:52:36
Флойд чындашса 2,3 раундта тынчытмак, бирок элге кызык болуш учун , шоу кылыш учун башында коргонуп жатты
+2
jumaev0084
2017-08-27 13:54:36
Жумушта бироо менен мелдештим эле ураа уттум.1Банкет каарыз болду
-1
maks93
2017-08-27 14:20:50
Мейвезер азамат!А Конорга респект!эгер бокстун эрежеси менен болбогондо Мейвезер тынчымак..
+1
Belek2070
2017-08-27 15:04:14
Судья дагын 30 секунд койо турганда Конор уктамак 2 мунотко. Конор молодец озун бокстада бир текшерди, текшергенде да бокстун королу менен согушту. Уважуха Конорго.
+1
Jumahmatov
2017-08-27 16:08:59
Боору картайсада бир койго кучу жетет
0
Bekzamann
2017-08-27 16:32:14
Конорго болеет эткем аттинай женилип калды...
0
scorp
2017-08-28 00:14:23
Конорчулар хахах мартышканар эенилип калдыбы)))
-1
Isco22
2017-08-28 07:54:17
scorp,сен Флойдчуларсынбы? Же сен дагы желкесине массаж жасап муз койгон адам эмессинби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан