Жогорку Сот экс-министр Равшан Сабиров боюнча шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды

23-майда Жогорку Сот мурдагы Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров боюнча чыгарган Бишкек шаардык сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Алгач Биринчи Май райондук соту аны күнөөсүз деп таап, кийин 7-мартта Бишкек шаардык соту министрди 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Ал эми пара алуу ишине катышкан анын жардамчысы Тахир Мирзахмедовду 3 жылга эркинен ажыраткан болчу. 

Айта кетсек, 2012-жылы экс-министр менен анын жардамчысы чет өлкөлүк бала багып алуучу уюмдан пара алган деген шек менен айыпталып келген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Lion-x
2013-05-23 13:26:56
Уурунун оорду турмодо, тем болеее бала саткан адамга жазаны катуу бериш керек эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан